Тегерек үстөлдүн катышуучулары Шайлоо тууралуу кодекстин жаңы редакциясы жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулашат. Анда жаш саясатчылар кодекске өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу сүйлөшөрү күтүлүүдө. Талкууга коомдук уюмдардын, саясий партиялардын, жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү катышат. Бул иш-чараны эл аралык “Интербилим” борбору уюштурууда. (ZMa)