Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

ОРУС ӨКМӨТҮНҮН БАШЧЫСЫ БОЛУП ЗУБКОВ БЕКИТИЛДИ


Нарын АЙЫП, Прага Орусиянын Мамлекеттик думасы жума күнү өкмөт башчылыгына Зубковдун дайындалышын бекитти. Бул сунушка коммунист депутаттар гана каршы добуш берди. Дума жыйынында чыгып сүйлөгөндө Зубков - өкмөт курамында өзгөрүүлөр болот деп да билдирди.

Сентябрда элүү жетиге чыккан орус премьер-министри Михаил Фрадков кызматынан 12-сентябрда күтүүсүздөн кеткенде, ошол эле күнү президент Владимир Путин анын ордуна 66 жаштагы Виктор Зубковду сунуштаган. Анын эртеси Зубков Мамлекеттик думадагы негизги партиялык фракциялар менен жолугуп чыккан жана аны коммунисттерден башка партиялардан шайланган депутаттын баары колдоого алган.

14-сентябрда болсо Зубковдун дайындалышын Дума өз жыйынында талкуулап, бекитти. Колго салынганда, анын пайдасына 381 добуш берилди жана Зубковко 47 гана депутат каршы чыкты. Жаңы премьерди мынчалык ылдам дайындоо мурда болгон эмес.

Думада чыгып сүйлөгөндө, Зубков - жаңы өкмөттүн негизги максаттары катары ар бир жетекчинин жеке жоопкерчилигин жогорулатуу, аскерий өндүрүштү көтөрүп, аба жана деңиз кемелерин курууга өзгөчө маани берүү, мектеп менен институттарда жаштарды даярдоо сапатын жогорулатуу жана пенсияларды көбөйтүү болот деген жалпы сөздөрдү айтты.

Аны менен катар, Зубковдун айтымында, өкмөттүн курамында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн жана өзгөчө көңүл - коомчулук тараптан катуу сынга аланып жаткан социалдык тармакка бурулат: "Албетте, социалдык секторго өтө көп маселелер топтолду. Эл нааразы. Ошондуктан, албетте, биз кадрлык өзгөрүүлөрдү жасайбыз. Алар керек жана тийиштүү чаралар көрүлөт",- деди Зубков.

13-сентябрда депутаттык фракциялар менен жолукканда суроолорго жооп берип жатып, Зубков - 2008-жылдын мартында өтө турган президенттик шайлоого да ал катышышы мүмкүн экенин жокко чыгарган жок. Мурдагы орус премьерлери андай сөздөрдү айтчу эмес.

12-сентябрда Фрадков кызматынан кеткенден кийин Кремль менен байланышы бар саясат таануучулар - анын ордуна биринчи вице-премьер Сергей Иванов дайындалат деп жоруган. Көпчүлүк эксперттин пикиринде, премьер болгондон кийин Иванов мартта президенттик шайлоого да катышып, жеңип чыгууга тийиш болчу, бирок эми аналитиктер арасында анчалык ишеним жок.

Анткен менен, айрым эксперттердин айтымында, Зубковдун премьер болгону Дмитрий Медведев же Сергей Ивановдун президенттик үчүн күрөшүү пландарына тоскоолдук түзбөй да калышы мүмкүн. Өзү экономист, бирок акыркы жылдарда тыңчылык маселелери менен байланышкан Зубковду премьер кылуу менен Путин - келечекте өзүнө лоялдуу жана жаңы президентке каршы тура алган өкмөт түзүүгө аракеттенип жатат деп айтат алар.

Зубков болсо - коррупцияга баткан орус коомун тазалоо эң биринчи максат экенин өзгөчө белгиледи: "Коррупция биздин коомдун бардык тармактарына тарап кетти жана ага каршы мүмкүн болушунча ылдамыраак чара көрүлүүгө тийиш. Эң биринчи кезекте коррупция боюнча мыйзам кабыл алыш керек. Коррупция жөнүндө биз көп сүйлөгөнүбүз менен, юридикалык жактан ал чындыгында эмне экени жага ага кантип күрөшүү керек экенин бүгүн эч ким билбейт", - деди Зубков Думанын жыйынында 14-сентябрда.

"Азаттыктын" аналитики Виктор Ясмандын айтымында, коррупцияга каршы катуу күрөшө албаса дагы, кайсы каражаттар кайда катылганын жакшы билген Зубков Путиндин жеке өзүнө көп пайда алып келиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG