25-сентябрда Ысыккөл облусунда өлкөдөгү адам укугун абалын, укук коргоочулардын үстүнөн козголгон кылмыш иштерди талкуулаган конференция болот. Аны 2004-жылы Данияда негизделген адам укугун коргоо боюнча борбор уюштуруп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу билдирди. Анын маалыматына ылайык, конференцияга Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери жана адвокаттар катышат. (ZMa)