Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

ОРУСИЯ ПУТИН КЕТКЕНДЕ БАШКА ЖОЛГО ТҮШҮҮНҮ КААЛАЙБЫ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Бүткүлорусиялык коомдук пикирлерди иликтөө борбору (ВЦИОМ) 10-сентябрде орусиялыктардын азыркы жана мындан кийинки бийликке болгон мамилесин аныктоо максатында сурамжылоо жүргүзгөн. В. Путин бараткан саясий жана экономикалык жолду кийинки жылы шайлануучу өлкөнүн лидери улаганы жакшыбы же башка жолго түшкөнү жакшыбы?- деген суроого жооп издеген. Бирок өлкөнүн кандай жолдо бара жатканын жана жетекчилик алдында кандай максаттар бар экендигин түшүнгөндөр эсеби 23 пайызга жеткен. Анын каршысында сурамжылоого катышкандардын 70 пайызга чукулу мамалекеттик өнүгүүдөн элес-булас кабары бар экендиги тастыкталган.

Левада борбору жүргүзгөн ал териштирүүгө карай келгенибизде анда алдыңкы жана үстүдөгү жылы «Путиндин артынан келүүчү президент мурдагы жолдон чыгуусу дуруспу, чыкса кандай өзгөртүүлөрдүн болушун каалар элеңиз?» – деген суроого жооптор алынган. Бараткан жолдон тайбоо керек дегендер былтыр жалпы катардын 27 пайызын түзсө быйыл ал 42 пайызын түзгөн.

Партияда тургандар арасынан, маселен, «Бирдиктүү Орусия» жаатташтары арасынан 52 пайызы, «Адилет Орусия» жаатташтарынан 42 пайызы, ЛДПРден 37 пайызы, КПРФдан 23 пайызы Путин түшкөн жолдон ал кеткенден кийин да тайбоо керек деп жооп беришкен.

Ушундай жыйынтыктан улам саясий талдоочулар арасында Путиндин доору дагы кыйлага созула тургандыгын кеп кылышууда. Аны чындап уратыш үчүн азыркы Мамдуманы, анан алдыда 2-декабрде шайланганы аткан турумун таркатыш керек. Ана эркин шайлоо өткөрүү керек, жок анте албайт экенбиз анда «башкарылма демократиядан» арылуу мүмкүн эмес дешет.

Келерки жылы, мындайча айтканда, дайындалчу мамлекет башчы мурунку багыттан чыга албайт. Эмне дегенде Кремл мындан аркы саясий активдерин да, куду бул күндөрү өкмөт башчылыкка В.Зубковду дайындаган сыңары, абдан ишеними арткан кишисин алып келет, ошондуктан ал мурунку жолдон кайра тартууга батынбайт дешет.

Ошондуктан эл арасында көп кепке айланган мураскордук чын-чынына келгенде болгону «Путин менен анын ыйык сөөмөйү көрсөткөн кишинин орун алмашышы болуп калат» деп Улуттук стратегиялык институттун жетекчиси Станислав Белковский айтат.

Эгерде бул өзгөрүүлөр кандайдыр бир ички саясий күчтөрдүн кармашуусу астында, алдуулары алсыздарын жеңген шартта, эл алдында кандай маселеттердин чечилип, а кайсылары көмүскөдө калып атканын айтып, бийлик орундарын ээлөө болсо бир жөн эле, а бул жерде Путиндин оюна келген мүдөөлөрдү турмушка ашыруу болуп атат дейт Маскөөдөгү Карнеги борборунун саясий анализчиси Маша Липман.

Орусиялыктар дегинкиси президент Путиндин ишкердигине оң баа беришкени менен ал түшкөн жолго сын көз менен карагандар да бар. Алардын эсеби жалпы сандын 16 пайызын түзөт. Кремлдик кожоюндун куду советтик кездегидей баарын жогортон жалгыз башкаруу адатын орнотушу демократиялык жолдон четтөөнүн башкы кадамы болду. Анын кесепетинен губернаторлорду шайлабоо, маалымат каражаттарын мамлекеттештирүү, өкүмөткө баш ийбеген уюмдардын ишкердигине чек коюу, өлкөдө оппозициянын тепсөөрүндө калышы пайда болгон.

Либералдык көз караштагы Яблоко партиясынын лидери Григорий Явлинский өлкөдөгү саясий абалга мындайча баа берет:

«Өлкөдө бир гана пикир бар. Бир гана мамиле, бир гана көз караш калды. Ошондой эле кандай окуя болбосун ага бир гана ой айтуу калды. Бул – коркунучтуу көрүнүш».

XS
SM
MD
LG