Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 23:44

С. АЛАМАНОВ: ТАЖИКСТАН ЖАНА ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН ТАКТАЛА ЭЛЕК ЧЕГАРА ТИЛКЕЛЕРИ БАР


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кыргызстан менен Тажикстанды 970 чакырым чегара тилкеси бөлүп турат. Анын ичинен 490 чакырымы гана такталган. Бүгүн Кыргызстанга иш сапары менен келүүчү тажик президенти Эмомали Рахмондун иш сапары учурунда чегара маселеси да көтөрүлмөкчү. “Азаттыктын” таңкы уктурууларындагы бүгүнкү маектешүүдө Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттер аралык чегара маселесин жөнгө салуу бөлүмүнүн жетекчиси Саламат Аламанов мына ушулар тууралуу айтып берди.

-Биз бүгүн сиз менен кыргыз-тажик чегара маселелери тууралуу маектешсекпи деп турабыз. Анткени бүгүн Кыргызстанга Тажик президенти Эмомали Рахмон иш сапары менен келе жатат, эки тараптуу жолугушууда чегара маселеси да көтөрүлөт деп атышат. Ушул тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

-Албетте, биздин кошуна өлкөлөр менен жогорку даражадагы жолугушууларда мамлекет башчыларынын ортосунда ар дайым чегара маселеси талкууга алынат. Себеби бүгүнкү күнү чегара маселесиндеги айрым орчундуу көйгөйлөр чечилбей келе жаткандыгына байланыштуу буга коомчулуктун көңүлү ар дайым бурулуп тургандыктан, мамлекет башчылары, өкмөт жетекчилери дагы ага байма-бай кайрылып, аны кандай жол менен эки элдин кызыкчылыгында чечүүгө болот деген талкууларды жүргүзүп келет.

-Айтсаңыз, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда талашка түшүп жаткан чегара аймактарынын узундугу канча чакырым?

-Жалпы узундугу 970 чакырымга барабар. 2002-жылдан берки келе жаткан сүйлөшүүлөрдө анын 490 чакырымын тактаганга мүмкүнчүлүк болду. Ал эми калган жерлердеги маселелер талкуунун үстүндө болуп келе жатат. Бул жерде эми “баланча же түкүнчө жер талашка түшкөн” деп айтууга мүмкүн эмес. Азырынча ушул эки тараптын позицияларын колдогу документтердин негизинде такташып, бири-бирибизге айтып, көрсөтүп жаткан этапта келе жатабыз. Ошондуктан, калган чегара тилкесиндеги сызыктардын кандай өтүшү керек экендиги тууралуу талкуулар болууда. Ал эми “бул жер же тигил жер талаш болуп жатат” деген сөздү айтууга азырынча негиз жок.

-Бүгүнкү күнү Кыргызстанда канча чакырым чегара тилкеси тактала элек?

-Кытай, Казакстан менен Кыргызстандын чегаралары толугу менен такталып бүткөн. Өзбекстан менен 300 чакырымдан ашыгыраак чегарабыз такталууга жатат. Ал эми Тажикстан менен болгон чегарада 460-470 чакырымды тактап алышыбыз керек.

-Саламат мырза, сизге чоң ырахмат!

XS
SM
MD
LG