Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

КОНСТИТУЦИЯ ТАГДЫРЫН 21-ОКТЯБРДА ЭЛ ЧЕЧЕТ


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын калкына кезектеги кайрылуу менен чыгып сүйлөдү. Президент 2005-жылдагы Март революциясы конституциялык реформа болсун деген максат менен ишке ашканын белгилеп, бул мүдөө-талапты ишке ашыруу үчүн жана бул маселенин айланасында эки жылдан бери тыйылбай келаткан саясий талаш-тартыштарды, баталияларды токтотуу үчүн 21-октябрда конституциялык реформа боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койгонун билдирди. Референдумга Конституцияга кире турган өзгөртүүлөрдүн жана Шайлоо Кодексинин долбоору коюлат.

«Бул жылдары Конституциялык кеңешмеде талкууланган, ар түрдүү жумушчу топтору иштеп чыккан идеялар долбоордун негизин түздү. Конституциялык соттун пикирин эске алдык»,- деп белгиледи Курманбек Бакиев.

Президенттин айтымында, эки жыл аралыгында жалаң гана жарандык каршылашуу жүрүп, жалаң гана бийликти сындай берүү эч кандай жакшылыкка алып келген жок. «Жалаң каршылашуу, нааразылык өткөрүү энергиясын жаратмандыкка жумшабасак оңолбойбуз»,- деди президент.

Конституцияга сунуш кылынган өзгөртүүлөрдүн башкы өзгөчөлүгү партиялык башкарууга артыкчылык берилет, башкача айтканда, парламент партиялык тизме аркылуу куралат. «Саясий партиялар өлкөнүн стратегиясын аныктоого, өкмөттү куроого жарамдуу кубаттуу партия болушу керек»,- деди президент. Парламентти партиялык тизме менен шайлоо жөнүндө мыйзамдык демилге-сунуштар парламентке эчак эле берилген. Бирок депутаттар аны создуктуруп карабай жаткандыктан, президент партиялык тизме менен парламенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө маселени да кошо референдумга алып чыгып жатканын билдирди.

К. Бакиевдин жүйөөсүндө, бир мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча шайлоо жүргүзүү көп проблемаларга, саясий чыр-чатактарга алып келе тургандыгын буга чейинки шайлоолор айкын көрсөттү.
Шайлоочуларды сатып алуу, элди экиге бөлүп жаруу сыяктуу өкүнүчтүү көрүнүштөр орун алды. Айрым учурда каршылышкан талапкерлердин жактоочуларынын ортосунда кармаш куралдуу тирешүүгө чейин жетип, шайлоо комиссияларына кысым көрсөтүлүп, сот органдарын басып алган окуялар болду. Ошон үчүн президент парламенттик шайлоону партиялык тизме менен өткөрүүнү жактай турганын баса белгиледи.

К. Бакиев ошол эле учурда өлкөдөгү саясий партиялар бийликти сындагандан алыс кете албай, мамлекеттин жүк-жоопкерчилигин алгандан качып жатканын белгилеп, өзү жоопкерчиликтүү жана иш-аракеттеги партия түзө турганын жарыя кылды. «Мен ага таянып, биздин стратегиябызда коюлган милдеттерди ишке ашырууга жана Кыргызстанды орточо дүйнөлүк кирешеси бар өлкөлөрдүн катарына алып чыгууга жетишмекчимин»,- деп айтты президент.

XS
SM
MD
LG