Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

МОСКВАДАГЫ ЫЗЫ- ЧУУ КОРКУНУЧТУУ ДЭҢГЭЭЛГЕ ЖЕТТИ


Москванын экологиялык саламаттык кызматы Россиянын баш калаасындагы ызы чуу коркунучтуу дэңгээлге жеткенин билдирди. Москвалыктардын 70 проценти шаардын ызы-чуусу ден соолукка зыян келтирип жаткан абалда жашашат.

Москвалыктардын 70 проценти аба жана автоунаалардын, курулуштун ызы чуусу күндүр-түндүр басылбай, кулак- мээни жеп турган абалда жашашат. Шаардын экологиялык абалды көзөмөлдөө кызматы шаардагы ызы-чуу болуп көрбөгөндөй дэңгээлге жеткенин эскертип, адамдардын ден соолугун коргоо үчүн имараттарды жакшыраак изоляциялоону жана ызы чуу кылып жаткан курулуш компанияларды айыпка тартуунун талап кылып жатат.

-Ызы- чуу шаар үчүн өтө чоң маселе болуп калды. Азыр шаар аймагынын 70 проценти курулуштан жана аба унаалары менен автоунаалардан ызы-чуусунан жабыр тартууда. Айрым жердерлде ызы чуунун дэңгээли Россияда уруксаат кылынган 10- 25 децибелден да жогору болуп калды ,- деп айтты Экологиялык Саламаттык кызматынын өкүлү Полина Захарова.

Мыйзам боюнча, Москвада ызы- чуунун дэңгээли күндүз - 55 децибелден ал эми түнкүсүн -45 децибелден ылдый болуш керек. Улуу Британияда ызы чуу 85 децибелге жеткенде атайын кулакчын тагынып жүрүү талап кылынат.
Ал эми Москвада болсо кыймылы жандуу көчөлөрдө ызы-чуу 85 децибелге жетет. Бу көчөлөрдө жашоо кандай тозок экенин элестетүү кыйын эмес.

Полина Захарованын айтымында, Москвадагы ызы - чууга арызданып, Экологиялык Саламаттык кызматына жылына 300дөй арыз түшөт. Даттангандардын 90 проценти транспорт менен курулуштун ызы чуусуна нааразы болушат, калганы ресторан менен барлардын жана кошуна-колоңдун ызы- чуусу менен музыканы катуу чыгарганына кабатыр. Шаардын Экологиялык Саламаттык кызматында күндүр- түндүр иштеген даттануу телефону орнотулган, ага түшкөн арыздардын негизинде ызы чуунун дэңгээлин тагыраак аныктоого аракеттер жасалууда.

Захарованын айтымында, ызы чуунун ден соолук үчүн канчалык зыяндуу экенин сездирип, жарандарды бул маселеге жоопкерчиликтүү мамиле кылуууга үйрөтүү керек. Ан үчүн жоопкерлерди айыпка тартып, айып пулдун көлөмүн жогорулатуу абзел, деп белгилейт. Азыр жарандар үчүн айып пул 100 рублди, компаниялар үчүн 10 миң рублди түзөт.

Эпидемиологдор кулак-мээни жеген ызы- чуу адамдардын нерв системасына, жүрөк жана кан тамырларына зыян келтиреерин эскертишет. Бирок Москванын байманасы артып, шаардыктардын турмушу жакшырганы сайын автоунаалар көбөйүп, курулуш дүркүрөп, өсүүдө. Мындайда ызы- чуунун жакын арада басаңдашын күтүү кыйын.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG