Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ ДОЛБООРУНДА БИЙЛИК КАНДАЙ БӨЛҮШТҮРҮЛГӨН?


20-сентябрда маалымат каражаттарында 21-октябрда референдумга коюла турган Конституциянын жаңы долбоору жарыяланды. Долбоордо күчтүү президенттик бийлик сакталып, парламент партиялык тизме менен шайланган 90 депутаттан тураары белгиленген. Оппозициялык саясатчылар президенттин айрым ыйгарым-укуктары көбөйтүлгөнүн, өкмөттүн Жогорку Кеңеш жана президент алдында «көк бөрү» абалында калганын белгилешүүдө.

Президент тарабынан жарыяланган долбоордо президенттин ыйгарым-укуктары кеңири сакталган. Ошол эле мезгилде өкмөттү түзүүдө, структурасын аныктоодо премьер-министрдин ролу күчөтүлгөн. Бирок декабрь конституциясында белгиленгендей эле президент Жогорку Кеңешти таркатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.

Жаңы долбоорго ылайык парламент 90 депутаттан турат. Ал 100% партиялык тизме боюнча шайланат. Жогорку Кеңештеги депутаттык орундун 50% көбүн жеңип алган партия премьер-министрге талапкерди көрсөтүү укугуна ээ. Андай болбогон шартта коалициялык өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Долбоордо дагы бир белгилей турган нерсе, азыркы Жогорку Кеңештин тароо-тарабоосуна байланыштуу маселе эки анжы калган. Бир жагынан долбоордо президенттин гана ыйгарым-укуктары шайланган мөөнөтүнө чейин, же 2010-жылга чейин сакталаары жазылган. Парламентке карата андай кепилдик берилген эмес. Бирок, ушул парламент менен да өкмөттү түзүү жолдору каралган. Бул премьер-министрдин Алмазбек Атамбаевдин долбоорунун негизинде калтырылган.

Оппозициялык «Ак шумкар» партиясынын лидери Кубатбек Байболов долбоорго карата мындай пикирин билдирди:

-Чалкаман кетип эле долбоор тап-такыр жаман деп айта албаймын. Себеп дегенде долбоордун эске ала турган жерлери бар экен. Маселен 100% пропорционалдык шайлоо. Бул өтө прогрессивдүү нерсе. Өкмөттү жеңип келген партиялардын депутаттары түзөт. Бирок долбоордун кемчилиги да жетишерлик. Маселен, өкмөт баягы эле эки анжы, бир жагынан премьердин алдында, бир чети президенттин, бир чети паралменттин алдында калган. Премьер-министр менен президенттин ортосундагы кризисттик линия калып калган. Эгерде белдүү премьер-министр келсе, анда чү деп өкмөттү курай баштаганда эле президент менен чабыш башталат.

Ал эми «Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров долбоордо президенттин айрым ыйгарым-укуктарынын күчөтүлгөнүн белгиледи:

-Негизинен декабрда кабыл алынган Конституция сакталыптыр. Мурда партиялык тизме 50% десе, бул жерде 100% дептир. Анан президенттин ыйгарым-укуктары берилген 46-статьяга бир жаңы пункт кошулуптур. Анда Конституцияда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардан сырткары президент өзүнө баш ийген, ага гана жооп берген мамлекеттик органдарды түзө алат деп коюптур. Мени коркутканы ушул.

Президенттин ыйгарым-укуктары күчөткөн жагдай катары Бекназаров, президенттин кайсы болбосун өкмөт мүчөсүн бошото алуусун, өкмөттүн чечимдерин токтотуп коюуга укуктуулугун, жергиликтүү бийлик башчыларын премьер-министрдин кеңеши менен дайндоосун атады.

Бул саясатчылардын пикиринде, 21-октябрда референдумдан кийин парламенттик шайлоо болушу күтүлүүдө. Ошондуктан алар шайлоого даярдык көрүүнү башташты. Бирок «партиялар үчүн даярдык көрүүгө кеминде бир жыл керек эле» деп белгиледи Байболов.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев жетектеген социал-демократиялык партия түзүлгөн кырдаалды талкуулап, өз позициясын иштеп чыгууга камданууда. Бул тууралуу партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсалов билдирди. Ал Конституциянын жаңы долбоорунун оң жактары да, талаша турган жерлери да бар экенин белгилей кетти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG