Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:19

КООПСУЗДУК КЕҢЕШ КАТЧЫЛАРЫНЫН ЖЫЙЫНЫ


Кечээ Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн коопсуздук кеңеш катчылар комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү жамааттык коопсуздукка байланышкан жыйырмадан ашуун маселелерди талкуулап, мындан аркы биргелешкен иш-аракеттер жайында пикир алышты. Жыйында Ооганстандагы абал дагыле курч бойдон калып жатканы белгиленип, өлкөгө көмөк көрсөтүүнүн жолдору талкууланды.

Кыргызстандын коопсуздук кеңеш катчысы Токон Мамытов Бишкекте өткөн жыйында баш-аягы жыйырмадан ашуун маселелер талкууланып, жыйынтык бүтүмдөр мамлекет башчыларынын кезектеги отурумуна сунуш кылынарын маалымдады.

- Оболу чектүү курамда үч маселени талкууладык. Бул Жамааттык коопсуздук келишимине мүчө өлкөлөрдүн колу жеткен жерлердеги аскерий-саясий жагдайлардын өнүгүү тенденциялары. Ошондой эле чыгып жаткан коркунучтарды, апааттарды жоюу чаралары. Экинчи маселе - мамлекеттер аралык акттардын, жамааттык коопсуздук уюмунун, кеңеш чечимдеринин аткарылышы, укуктук-нормативдик негиздер. Үчүнчү маселе Ооганстанга байланыштуу болду.

Т.Мамытов жаңжалдан жаңыдан арылып келаткан Ооганстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөр кандай көмөк көрсөтө алышары жайында кеп болгонун жарыя кылды. Коопсуздук кеңеш катчыларынын кеңейтилген жыйынында 17 маселе талкууланып, позициялар такталганы маалымдалды.

Ооганстан маселеси талкууга алынышынын жөн-жайын Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкатчысы Николай Бордюжа мындайча чечмеледи.

- Ооганстанда бейпилдик орногондо гана Борбор Азияда тынчтык болорун биз жакшы билебиз. Эгер ал жерде жаңжал уланып, талиптер Ооганстандын көп жерине ээлик кыла баштаса ал Борбор Азияда кооптуу жагдайдын түзүлүшүнө алып келет. Жамаатык коопсуздук келишим уюуму Ооганстанга көмөк көрсөтүүгө, өлкөдө мыйзам негизин түзүүгө жардам берүүгө даяр. Уюмдун парламенттер аралык ассамблеясы үлгүгө жарай турган мыйзамдарды иштеп чыккан.

Н.Бордюжа уюм Ооганстандан чыкчу баңгижолду бууп салчу тартип сактоо системасын түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин маалымдады. Анын ырасташынча, мамлекет аскер, тартип коргоо органдарын күчтөндүрүүсү керек.
Бирок да жалгыз ЖККУ күчү менен Ооганстандын калыбына келтирүүгө байланышкан толгон-токой маселелерди чечүү мүмкүн эмес.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкатчысы Кыргызстандагы АКШнын аскер аба базасы алдына койгон максат-милдеттерди так аткарып жатканын, анын «Манас» абамайданынан чыгарылып кетиши Ооганстандагы кырдаалдын жөнгө салынышына байланыштуу экенин билдирди.

Аскерий базадан калкып чыккан Кыргызстан үчүн дагы бир талылуу маселе Иранга байланышкан. Франциянын тышкы иштер министри Б.Кушнердин билдирүүсүнөн кийин чөлкөмдө кооптонуу күчөп баратканын айтып, маалымат жыйынынан соң Н.Бордюжага кыскача суроо узаттым.

- Аны билдирүү жасаган Франциянын тышкы иштер министринен сураш керек эле. Менимче, бардык маселе тынч жол менен чечилиши абзел. Өңгөдөн да аны постсоветтик өлкөлөр абдан жакшы билишет. 90-жылдардагы кысталыш кырдаалдан кийин уруштун башталышы оңой экенине ынангандай болушту.

XS
SM
MD
LG