Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

10:20 А.Келдибеков: Президенттин парламенттеги өкүлү, Садыркуловдун өкүлү эмес


Депутат Азимбек Бекназаров президенттин администрация башчысы Медет Садыркуловго айрым саясатчылар барышып, доллар көтөрүп барышып, бийликтин жаңыдан түзүлүүчү партиясына тизмеге киргизүү сунушу менен кезекте турушат деген маалымат бар деп айтты. Анын айткандарын президенттин парламенттеги өкүлү Каныбек Жороев четке кагып, мындай жалган маалыматтар коомчулукту иренжитет деген пикирин билдирди. Ал эми депутат Акматбек Келдибеков президенттин парламенттеги өкүлүн Садыркуловдун өкүлү эмес экендигин, “ишти таштап президенттин администрациясынын кабылдамасына барып отуруп, кимдер келип тизмеге кирүүгө кезекте турганын өз көзүңүз менен көрөсүз",- деди. (AJ)

XS
SM
MD
LG