Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:48

ИРАНГА КАРШЫ ЖАҢЫ САНКЦИЯЛАР КАРАШТЫРЫЛУУДА


Вашингтон Коопсуздук Кеңешине Иранга каршы жаңы санкцияларды жарыялоону сунуш кылмакчы. Бул тууралуу АКШнын Улуттар Уюмундагы өкүлү Залмай Халилзад билдирди. Америкалык элчини Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер колдоду. Иранга байланыштуу Евросоюз да өзүнчө санкцияларды кабыл алышы ыктымал. Айрым эксперттер мындай кадамдар Тегеранды өз планынан баш тарттыра албайт дешет.

Вашингтондун Тегеранга жаңы жазаналарды караштырып жатканын АКШнын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Залмай Халилзад журналисттерге бейшемби күнү маалымдады. Ал Иран Коопсуздук Кеңешинин эки резолюциясында каралган талаптарды аткарбагандыгын эске салды. Ушундан улам Вашингтон Иранга дагы катуу кысым жасоо үчүн ага кошумча санкцияларды жарыялоонун маалы келди деп эсептейт. Мындай план азырынча Нью-Йоркто түзүлүп жаткан жок жана Коопсуздук Кеңешине бериле элек, бирок Залмай Халилзад мунун баары алдыдагы эки аптанын ичинде жасаларына ишендирди.

Бул ойду ошол эле күнү Вашингтондо сөз сүйлөгөн Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер колдоду. Бир жагынан ал “Иранга сүйлөшүүлөрдү, сүйлөшүүлөрдү жана да сүйлөшүүлөрдү сунуш кылуу” зарылдыгын,экинчи жактан санкциялар жөнүндө да ойлонуу керектигин белгиледи.

Кушнер жакындагы бир сөзүндө эл аралык коомчулукту Иранга каршы согушка азыр болууга чакырган эле. Анын бул сөзүнө түшүндүрмө берип, президент Николя Саркози Франция Иран менен согушту каалабайт, ошол эле учурда Тегерандын атомдук бомбага ээ болуу мүмкүнчүлүгүн таптакыр кабыл да алабайт деп кайталап эскертти. Саркози эл аралык коомчулук Түндүк Корея менен Ливияны сүйлөшүүлөр аркылуу ядролук курал жасоо максатынан айныткандай эле Иранды да атомдук программасынан баш тартууга көндүрө аларына ишенет.

АКШ президенти Жорж Буш да ушуга үмүттөнүп жатканын Вашингтондогу маалымат жыйынында ырастады. Ирандын элине кайрылып, Буш проблеманын көбү өкмөттүн саясатынан, эл аралык коомчулук менен ал жоопкерчиликтүү негизде кызматташкысы келбей, уран байытуу ишин улантып жатканынан улам пайда болуп отурганын белгиледи. “Тегеранга кысым жасоону улантабыз, башкы максат, арийне, жаңжалды жайчылык менен жөнгө салууда турат”, - деп айтты Буш.

Жаңы санкциялар сунушу Коопсуздук Кеңешинде колдоо табары күмөндүү. Бул идеяга Россия менен Кытай каршы болууда. Евросоюздун өзүнчө санкцияларды жарыялоо мүмкүндүгү тууралуу да бир топ байкоочулар,алардын ичинде Стокгольмдагы тынчтык институтунун эксперти Шэннон Кайл да күдүктүү ойдо. Франциянын колунда айрым рычагдар бар, бирок ирандыктар үчүн Евросоюздун ичинде Германия негизги соода өнөгү болгондуктан Берлиндин позициясы чечүүчү мааниге ээ болот, деп айтты Кайл “Азаттыкка” берген интервьюсунда. Германия кошумча санкциялардын кажети жоктугун айтууда. Бул орустар менен кытайлыктардын жетегиндеги позиция эмес, бир жагынан алардын ортосунда,экинчи жактан америкалыктар менен француздардын ортосунда турган позиция, дейт Кайл.

Кайл дегинкисинде кошумча санкциялар Тегеран режимин өз планынан кайт кыла аларына да анчейин ишеңкиребейт.

XS
SM
MD
LG