Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:36

8:00 Жогорку Кеңеш бүгүн Аксы окуясын иликтеген депутаттык комиссиянын тыянагы боюнча талкууну улантышы мүмкүн


Аксы окуясы боюнча сот ишинин башталуусуна байланыштуу Жогорку Кеңеш депутат Султан Урманаевдин маселесин тез арада чечип берүүгө тийиш. Мындай сунуш менен өткөн жума күнү Аксыдан шайланган депутат Азимбек Бекназаров кесиптештерине кайрылган. Эки апта мурун депутат Дооронбек Садырбаев депутат Султан Урманаевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган башкы прокурордун өтүнүчү боюнча депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Анда депутат 2002-жылы Аксыда эң оор саясий кылмыш жасалган деп билдирип, Аксыдагы ок атуу боюнча кылмыш ишин козгоону, мурдагы президент Аскар Акаевден, азыркы президент Курманбек Бакиевден жана Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдон кол тийбестикти алып, ишин кароону эл аралык сотко өткөрүп берүүнү сунуштаган. Бирок сунушталган токтом долбоору парламентте бүгүнкү күнгө чейин талкуулана элек. Аксы окуясына байланыштуу сот иши 1-октябрда Жалалабатта башталат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG