Бул тууралуу жарыялаган абхаз президенти Сергей Багапш мындай чаранын зарылдыгын кечээ Грузия Абхазияга кол салууну пландап жатканына байланыштуу, деп түшүндүрдү. Кабарларга караганда, мындан беш күн мурда грузин –абхаз чек арасындагы атышуудан 2 абхаз жоокери каза тапкан.