- Президент тарабынан сунушталган Баш мыйзамдын жаңы долбоору учурда кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга алынып, оң-сол пикирлер айтылып жаткан кез, ошол эле учурда оппозициялык маанайдагы айрым саясатчылар президент авторитардык бийликти күчөткөн долбоорду сунуштоодо деп сынга алышууда. Сиз бул долбоордон кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз? Жалпы эле долбоор тууралу пикириңизди айтсаңыз?
- Долбоордо негизги өзгөчүлүк - Жогорку Кеңеш партиялык тизмелердин негизинде түзүлөрү жөнүндө баса белгиленип кеткен. Ошону мен негизги өзгөчөлүк деп баалайт элем.
- Ошентип 21-октябрга белгиленген референдумга да бир айга жетпеген убакыт калды. Ушул референдумду азыркыдай чиеленишкен абалдан чыгуунун жолу катары карасак болобу? Дегеле Баш мыйзамдын жаңы долбоору эки жылдан ашык убактын бери келаткан талаш-тартыштарга чекит коё алабы?
- Жок, эмне үчүн дегенде мунун азыркы учурдагы саясий талаш-тартыштын тарыхын, шарттарын жана себептерин эске алсак, бул жөнөкөй эле конституциялык реформага байланган эмес. Анын түбүндө негизги талап турат. Анткени, 2005-жылдын 24-мартында болгон окуялардын негизинде элдин талабы турат. Биринчиден, бийлик эле элге жакын болсун, анан элдин кызыкчылыгына бурулсун деген талап болгон. Ошого караштуу жалпы коррупцияга каршы күрөшүү, мамлекетте болсо баш-аламандыктан кутулуп, стабилдүүлүктү орнотуу жөнүндө талаптар айтылган. Азыркы абалды карап айтса болот, элдин жалпы талабы дагы эле ишке аша элек. Аны көп жерлерден байкасаңыз, билсеңиз болот.
Андан тышкары азыркы конституциялык рефендумга барууда бир топ ыңгайсыз нерселерди байкаса болот. Мисалы, бир топ топтор менимче сүйлөшүп туруп, жалпы бийликти толук колуна алыш үчүн ошондой кадамга барып атат. Бирок канчалык бул кадамдар элдин кызыкчылыгына туура келет, бул башка маселе.
- Бакыт мырза, сиз жогоруда айтып кеттиңиз өзгөчөлүк катары жүз пайыз партиялык тизменин киргизилиши деп. Ошондой шайлоого барууга азыркы учурда биздин партиялар даярбы?
- Албетте, кыска мөөнөттүн ичинде партиялар ага даяр болушу өтө кыйын. Бирок ошол кадамды ойлоп чыккан адамдардын ою боюнча, азыр бир топ партиялар ошого жанданып, мамлекеттик бийликти пайдаланып, жалпы элдин аң-сезими менен өзгөчө манипуляция кылып туруп бийликке келебиз деп атат. Ошондой аракеттер байкалып эле турбайбы. Мисалы, учурунда Акаевдин иши туура жасалды деген партиялар, ошолордун лидерлери кечээ деле ошондой ырды кайра ырдап атпайбы. Мына ушул нерседен жыйынтык чыгарып чочуласа болот.
- Сиздин баамыңызда рефендумдан кийинки кырдаал кандай өнүгөт, кандайдыр бир чукул окуялар, өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүнбү?
- Албетте, менимче референдумдан кийин саясий абал курчуйт. Бир топ стабилдүүлүккө шек келтирет, өтө оор абал түзүлүп калышы ыктымал.
- Маегиңизге ырахмат.