Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:23

ИРАН МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ ПРЕЗИДЕНТТИН АМЕРИКАЛЫК САПАРЫНА ЖОГОРУ БАА БЕРҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын Америкага жасаган визити жана анын алкагында Бириккен Улуттардын жалпы жыйынында чыгып сүйлөгөнү Ирандын өзүндө өтө жогору бааланууда. Айрым журналисттер менен саясатчылардын айтымында, президент америкалыктар менен жолугуп, түз сүйлөшкөнү - Иран жөнүндө бурмаланган маалымат берген батыш журналисттеринин каталарын жоюп, америкалыктардын көзүн ачты.

Америкага учуп чыгаар алдында президент Махмуд Ахмадинежад өзү - Бириккен Улуттардын трибунасы Ирандын саясий турумун бүткүл дүйнөгө ачык билдирип, эл аралык маселелерди Тегеран кантип түшүнгөнүн жана аларды кандай жол менен чечиш керек экенин дүйнө коомчулугуна жеткирүү үчүн эң туура жер деп айткан. Анын билдиргенине караганда, кошуна Иракта америкалыктар шерменде болду жана Иран жөнүндө дагы бурмаланган маалымат берип, ага каршы чектөөлөрдү жарыялаганы замандан артта калган ыкмалар:

"Замандан артта калган мындай ыкмалар менен алар психологиялык басым жасап, экономикалык санкцияларды киргизүү менен Иран мамлекетинин ыкчам өнүгүүсүн токтото алабыз десе, алар жаңылышат", - деп билдирди президент.

Иран маалымат каражаттарынын көпчүлүгү президенттин сапары менен анын сунуштарына өтө жогору баа берүүдө. Нью-Йорк шаарынын мэриясы - 2001-жылдын сентябрында террордук аракеттерден кулап түшкөн Дүйнөлүк соода борборунун ордуна барып Ахмадинежаддын гүл коюшуна уруксат берген жок. Бирок "Иран" деген гезит 24-сентябрда жазганга караганда, Ахмадинежаддын андай сунуш менен чыкканынын өзү жана анын АКШ президенти Жорж Бушту телетаймашка чакырганы - Ирандын эл аралык кадыр-баркынын өсүп баратканынын белгиси.

Ахмадинежад 24-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетинде чыгып сүйлөдү жана айрым америкалык саясатчылар менен укук коргоочулар ага каршы чыккан. Ирандын президенттик администрациясынын изилдөө борборунун башчысы Алиреза Зарейдин айтымында, эгер андай каршылык болбогондо, көптөн бери Иран жөнүндө так маалымат ала албаган америкалыктар Иранга азыркыдан да көп жан тартмак. Аналитик Алиреза Акбаринин пикиринде болсо, АКШ жетекчилигинин ага болгон каршылыгы - Вашингтон фактылардан коркконунун белгиси.

"Расалат" деген гезит ошол эле 24-сентябрда жазып чыкканга караганда, АКШ эл аралык саясий сахнада бардык жагынан утулуп жаткандыктан, Иран президентине каршы болбогон тоскоолдуктарды түзүүгө аракеттенди. "Жам-и Жам" гезити болсо 23-сентябрда - Ахмадинежадды коштоп бараткан айрым журналисттерге америкалык виза берилбей койгону - АКШда сөз эркиндиги менен байланыштуу маселелер бар экенин көрсөтөт деп жазды. Ал эми парламент спикеринин орун басары Мохаммад Реза Бахонардын айтымында, андай тоскоолдуктарды түзүү менен Вашингтон Бириккен Улуттар Уюмуна дагы шек келтирди жана эми ал уюмду АКШ аймагынан башка жакка көчүрүү жөнүндө ойлонуш керек.

Анткен менен Ирандын айрым либерал гезиттери президенттин сапары менен байланыштуу башка пикирлерди берүүгө да аракеттенди. Мисал үчүн, "Афтаб-и Язд" деген гезит 24-сентябрда жазганга караганда, Иран президентинин америкалык Колумбия университетине келип, студенттер алдында сүйлөгөнгө уруксат берилгени - университеттер АКШда канчалык эркин экенин көрсөтөт жана аны Ирандагы университеттердин абалы менен салыштыруу кыйын. Гезиттин айтымында, Ирандын институттар менен университеттери жана алардын студенттери акыркы мезгилде эбегейсиз мамлекеттик басымга дуушар болуп жатат.

XS
SM
MD
LG