Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

БУУнун Коопсуздук кеңеши Мьянманын бийликтерин өлкөгө башкатчынын атайын өкүлүн киргизүүгө чакырды


Аскерий бийликке каршы соңку жыйрма жыл ичиндеги ири демонстрациялар өтүп жаткан бул өлкөдөгү кырдаал БУУнун коопсуздук кеңешинде кечээ талкууланды. Бирок Коопсуздук кеңеши Мьянмадагы аскерий режимдин аракеттерин айыптаган билдирүүнү Кытайдын каршылыгынан улам кабыл алалган жок. АКШ жана Евробиримдик Мьяманын бийлигине каршы санкция киргизүүнү сунуш кылган болчу. Кечээ бул жерде демонстранттарга каршы күч колдонулуп, кеминде бир адам каза тапкан.
Коопсуздук кеңеши Мьянманын бийлигин БУУнун атайын өкүлү Ибрагим Гамбарини өлкөгө киргизүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG