Аталган биримдиктин жетекчисинин орун басары Сергей Стябленконун кабарлаганына караганда бүгүн башталуучу курултайга саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Кыргызстандын, Орусиянын, АКШнын жана башка бир катар мамлекеттердин адис дарыгерлери катышуусу күтүлүүдө. Курултайда ассоциациянын беш жылдык ишинин отчету берилип, саламаттыкты сактоо тармагынын көйгөйлөрү, элдин медициналык-социалдык жана санитардык жактан сабаттуулугу сыяктуу маселелер көтөрүлмөкчү. (ZKo)