Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:46

ГРУЗИЯ ПРЕЗИДЕНТИ БИРИККЕН УЛУТТАРДА МАСКӨӨНҮ КҮНӨӨЛӨДҮ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын Жалпы ассамблесынын сессиясында чыгып сүйлөгөндө, Грузия президенти Саакашвили Орусияны күнөөлөп, Абхазияда жайгаштырылган орус бейпилдик күчтөрүн эл аралык аскерлер менен алмаштыруу керек деп билдирди. Президент Нью-Йоркто сүйлөөр алдында болсо, анын өзүнө каршы мурдагы министр катуу күнөөлөрдү койду.

Грузиянын курамындагы Абхазия жана Түштүк Осетия жумурияттары 1990-жылдардын башынан бери Тбилисиге баш ийбейт. Ал кезде жүргөн кандуу куралдуу кагылышууларды токтотуу үчүн эки жумурияттын аймагына тең Бириккен Улуттардын макулдугу менен орусиялык бейпилдик күчтөр киргизилген. Бирок Тбилисинин айтымында, алар бейтарап болбостон, Грузияга каршы аракеттенүдө.

Бириккен Улуттардын Жалпы ассамблесынын сессиясында 26-сентябрда чыгып сүйлөгөндө президент Михаил Саакашвили 20-сентябрда болгон акыркы окуяны мисал катары келтирди. Ал күнү кагылышуу чыгып, эки орус офицери курман болгон, бирок орус аскерлери ал жерде эмне кылып жүргөн деген маселе туулат:

"Орус армиясынын подполковниги Грузиянын токоюнда согушкерлерди уюштуруп, алардын тобун кол салууга даярдап, эмне үчүн ал жерде жүрөт деген суроо пайда болот. Мен орус достордон сурайт элем - Орусияга жер жетишпей жатабы? Грузиянын аймагында, Грузиянын токоюнда ажал тапкандай эмне, Орусиянын өзүндө орус офицерлери үчүн токой жетпей калганбы? Бирок ал кандай себептен болсо дагы, алардын өлгөнү, албетте, кейиштүү", - деп билдирди Саакашвили Бириккен Улуттардын сессиясында.

Анын айтымында, аймактагы орусиялык бейпилдик күчтөр көз карандысыз аскерлер менен алаштырылууга тийиш жана Абхазия маселеси боюнча өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн тартибин дагы өзгөртүш керек.

Грузия президентинен кийин сессияда дароо Орусиянын өкүлү Виталий Чуркин сөз алып, Абхазиянын аймагына Грузия тараптан себепсиз чабуул жасалганын жана курман болгон орус офицери жөн гана абхазиялык аскерлерди машыктырган инструктор болчу деп билдирди.

Окуя Кодори капчыгайынын башында болгон, ал Абхазиянын курамына кирет, бирок анын тоолуу жагын Грузия өкмөтү көзөмөлдөйт. Анткен менен расми түрдө бүткүл Абхазия Грузиянын курамында жана анын эгемендүүлүгүн эч ким тааныган эмес.

Орусиялык "Коммерсант" гезити 25-сентябрда жазганга караганда, Артур Дворкин жана Игорь Музоваткин деген эки орусиялык офицер өлгөн, алар Абхазиянын аймагында контракт негизинде кызмат өтөп жүргөн, бирок бири мурда - Орусиянын Абхазиядагы бейпилдик күчтөрүнүн курамында иштеген.

Грузия президенти Бириккен Улуттарда сүйлөгөн күнү, 26-сентябрда, Түштүк Осетияда дагы куралдуу кагылышуу чыкты жана эки тарап аны менен байланыштуу бир-бирин күнөөлөп жатат. Анын алдында болсо - былтыр ноябрда кызматтан кеткен Грузиянын мурдагы коргоо министри Ираклий Окруашвили жарыя жасап, президент Саакашвилиге катуу күнөөлөрдү койду. Анын айтымында, Окруашвили мамлекеттик кызматта жүргөндө Саакашвили ага бир нече жолу кайрылып, бийликке жакпаган тиги же бул саясатчыны жок кылууну сураган. Андай адамдардын бири катары Окруашвили - белгилүү ишкер Бадри Патрикацишвилини атады. Андан тышкары, 2005-жылы каза болгон премьер-министр Зураб Жваниянын өлүмү боюнча айтылган расми билдирүүлөр туура эмес деп билдирди мурдагы министр.

"Коммерсант" гезити 27-сентябрда билдиргенге караганда, Окруашвилинин мындай жарыялары - президент Саакашвили Бириккен Улуттарда Орусияга күнөө коюп жатканда айтылганы бир гана тарапка эң көп пайда алып келиши мүмкүн. Ал тарап - Маскөө.

XS
SM
MD
LG