Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:40

12:35 Алмазбек Атамбаев: Азык-түлүк кризиси болбойт


Бүгүн өткөн өкмөттүк жыйын учурунда премьер-министр Алмазбек Атамбаев, акыркы кездерде азык-түлүктөр кыйла кымбаттап кетсе да бул жагдайдан чыгууга мамлекеттин күчү жете турганын, азык-түлүк кризиси болбосун билдирди. Ошондой эле жыйында Айыл-чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Сооронбай Жээнбеков баяндама жасап, айыл-чарбасындагы көйгөйлөрдөн кеп кылып, ал маселелердин чечилиши кошумча каражаттарды талап кылынарын айтты. «2001-жылдан бери Кыргызстандагы айдоо жерлери 25 пайызга азайды, азыр андан да төмөн түшүп кетти. Анын себептеринин бири сапаты төмөн уруктар менен айдоо жеринин арыктыгы. Биз ушул маселеге көңүл бурушубуз абзел»,- деди С.Жээнбеков. Ал эми Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев, «мамлекет атайын программа иштеп чыгып, дыйкандарга кайсыл продуктудан канча сатып ала тургандыгы тууралуу маалымат берүүсү керек»,- деген сунуш кылды. (IJz)

XS
SM
MD
LG