Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

УКРАИНАДА ТИМОШЕНКОНУН БЛОГУ МУРДАГЫДАН КӨП ДОБУШ ЧОГУЛТТУ


Нарын АЙЫП, Прага Украинада жекшемби күнү өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун расми жыйынтыктары чыгарыла элек, бирок алдын ала алынган маалыматтарга караганда, алдыда - мурдагы премьер Юлия Тимошенконун блогу. Анын өзүнүн айтымында, жакын арада ал кайрадан премьер-министр болушу мүмкүн.

Шайлоо алдында өткөрүлгөн элдик сурамжылоолор - 30-35 пайызга жакын добуш менен биринчи орунга азыркы премьер Виктор Януковичтин Региондор партиясы чыгат деп көрсөткөн. Прогноздор боюнча, Юлия Тимошенконун блогуна жыйырмадан жыйырма беш пайызга чейин добуш берилмек жана президентти колдогон блок 10-15 пайыз добуш алмак.

Жекшемби күнү добуш берип чыккан шайлоочулар арасында өткөрүлгөн сурамжылоолор болсо - биринчи орунга Тимошенко чыкканын көрсөттү - анын блогуна 33-34 пайызга жакын адам добуш берди, Януковичтин партиясына мурда болжолдонгондон азыраак - отуз пайыздын тегерегинде колдоо көрсөтүлдү, ал эми президенттин блогу 14-15 пайызга жакын добуш чогулта тургандай.

Расми жыйынтыктар аптанын ичинде чыгарылат, Тимошенко болсо куттуктоолорду ала баштады - былтыр мартта өткөрүлгөн шайлоого караганда, аны колдогондордун саны 12-14 пайызга өстү.Президенттик блоктун жетекчилеринин бири Юрий Луценко атайын келип, аны жекшемби күнү кечинде куттуктап кетти.

Тимошеко өзү болсо - шайлоодо демократиялык күчтөр утканы жөнүндө жарыялады: "Бул парламенттик шайлоодо Украинанын демократиялык күчтөрү кайрадан жеңди. Бириккенде, биз, мурдагыдай эле, башкаларга караганда көбүрөөк добуш чогулттук. Бул абдан кубанычтуу жана мен президент менен биздин бардык демократиялык топторду жеңиш менен куттуктайм", - деп билдирди Тимошенко жекшемби күнү кечинде.

Тимошенконун блогу менен президентти колдогон "Биздин Украина - Элдик коргонуу" деген блок экөө биригип эми парламенттеги 450 орундун 45-48 пайызга жакынын ээлеши мүмкүн. Эгер алар чындап эле бириксе, парламенттин жарымынан көбүн көзөмөлдөш үчүн дагы бир кичине партия менен коалиция түзүшү мүмкүн, ошондуктан андай майда уюмдарды айрым эксперттер - "алтын добушка" ээ партиялар деп атайт.

Үч пайыздык босогодон коммунисттер, мурдагы спикер Владимир Литвиндин блогу жана, мүмкүн, социалисттер өтөөрү күтүлүүдө. Айрым байкоочулардын айтымында, көпчүлүк түзгөн коалицияга Литвиндин блогу кошулушу ыктымал.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Шаповалдын айтымында, Юлия Тимошенко - 225 шайлоо чөлкөмүнүн бир жүз жыйырма жетисинде көпчүлүк добуштарды чогултту, аны шайлоочулар Львов, Киев, Полтава дубандарында колдоого алды. Януковичтин Региондор партиясына болсо Донецк, Луганск, Одесса дубандарында жана Кырым жумуриятында колдошту.

Анткен менен, айрым эксперттердин айтымында, добуштар азырынча - дайым Тимошенкого колдоо көрсөтүп келген аймактарда ылдамыраак саналып жатат, бюллетендердин 60 пайызы гана саналып чыкты, ошондуктан маалымат көбүрөөк топтолгон сайын, Януковичти колдогондордун саны көбөйүшү мүмкүн. Айрым акыркы маалыматтарга караганда, Региондор партиясын колдогондордун саны Тимошенконун блогуна добуш бергендердин санынан аша баштады.

Ал өзү болсо жекшеби күнү кечинде - анын партиясы алдыда экенин билдирди: "Шайлоодо биз жеңдик, биз аны жакшы жыйынтык менен утканыбызга ишенем, ошондуктан коалицияны биз түзүш керекпиз", - деди Янукович.

Анткен менен, кээ бир маалыматтарга караганда, Януковичти колдогон чыгыш аймактарда шайлоо жыйынтыктарын бурмалоолор да катталууда.

XS
SM
MD
LG