Коргоо министри Роберт Гейтс адмирал Мюлленди Биргелешкен штабдын акимдигине сунуш кылып жатып, генерал Пэйстин кайра көрсөтүлбөй калуу себебин, анын Ирак согушун пландоого жана жүргүзүүгө түздөн түз тишеси бар экени менен түшүндүрдү:
-Биз бир нече жума бою багытыбызды республикачыл жана демократ сенаторлор менен талкуулагандан кийин, генерал Пэйс акыркы алты жылда Биргелешкен штабдын вице- акими жана акими болгон себептүү аны кайра бекитүү чоң талаш- тартышты туудурат деген бүтүмгө келдим.
Буш жана анын кеңешчилери Ирак согушун туура эмес пландаштырган, болбосо эбак тынчтык орнотулмак деп санашкандар Вашингтондо арбын.
Отставкадагы полковник Кеннет Аллард бар балээ АКШнын жогорку аскерий жетекчилигинин ашыкча саясатташып кеткенинде деген пикирде. Президент Клинтондун тушунда армияда башталган “хуп демей” Рамсфелд Коргоо министри болгондо өтө жайылып кеткен. Рамсфелд Иракта мыкты каруулганган чакан армия менен жеңишке жетүүнү каалаган. Саддам кулатылган тушта Рамсфелди бул идеясы үчүн эч ким сындаган эмес. Бирок, козголоңчулар жана “ал- Каидачылар” көтөрүлө баштаган соң Иракка аскер аз киргизилгени айкын көрүндү. Анткени, Пэйс сыяктуу адамдар Жорж Бушка өз тажрыйбасына ылайык жакшы кеңеш беришпей, Рамсфелд каалган сөздү айтышкан дейт Аллард:
-Ар тараптан алганда да, сиз Биргелешкен штабдын акимин, ошондой эле армияны Доналд Рамсфелддин чөйрөсү менен жакшы ымалада болду деп сындай аласыз. Учурда аскерий чөйрөлөрдө армиядагы коррупция, биздин “хуп болот” деген муунга айлангабыз жөнүндө кызуу талкуу жүрүүдө.
Ал эми бейөкмөттүк American Enterprise борборунун серепчиси Фредерик Коган Пэйсти аскерий принциптерде бекем турган генерал деп эсептейт:
-Мен генерал Пэйстин өлкө үчүн эмнени туура деп тапса, ошону жасаган кесипкөй офицер экенинен күмөн санабайм. Менде анын макул көрбөгөн нерсесин жасаганга мажбурланганын тастыктаган эч кандай далилдер жок.
Когандын сөзүнчө, 1986- жылы кабыл алынган мыйзам боюнча, согушту жеңүү Президент менен Коргоо министринин жана талаа командирлеринин жоопкерчилигиндеги иш. Биргелешкен штабдын акиминин милдети түрдүү кызматтардын кызыкчылыктарын сактоо.