Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

ПУТИН БИЙЛИКТЕ КАЛУУ ПЛАНДАРЫН ТҮЗҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Орус президенти Владимир Путин 1-октябрда "Бирдиктүү Россия" деген партиянын курултайына катышып, партиянын шайлоо тизмесин баштап берүүгө макулдугун берди. Көпчүлүк эксперттин пикиринде, президенттин бул кадамы - мыйзам бузбастан, бийликте калуу амалы.

Орусиянын мыйзамдары боюнча, парламенттик шайлоого катышкан партиялар өздөрүнүн талапкерлер тизмесине партияга мүчө эмес адамдарды кошо алат. Мурдагы шайлоолордо, мисал үчүн, кинорежеиссер Никита Михалков же министр Сергей Шойгу сыяктуу белгилүү адамдар шайлоо учурунда кайсы бир партиянын тзмесине кирип, алардын добуш утуп алуусуна көмөктөшкөн, бирок кийин депутат болгон эмес.

Орусиянын Мамлекеттик думасында көпчүлүккө ээ "Бирдиктүү Россия" партиясы 1-октябрда Маскөөдө курултай өткөргөндө, ага президент Владимир Путин да келип катышты. Көпчүлүк депутаттар үчүн президенттин келиши күтүүсүз жаңылык болду, бирок алардын айрымдары конституцияны өзгөртүп, президент үчүнчү мөөнөткө калууга тийиш деген демилге да көтөрдү.

Самара медуниверситетинин ректору Геннадий Котельников чыгып сүйлөгөндө болсо, Путинди партиянын талапкерлер тизмесине киргизүүнү сунуштады жана бүткүл курултай аны кол чабуу менен колдоду. Котельниковдун айтымында, 2008-жылдын март айында президенттик шайлоо өткөрүлгөндөн кийин азыркы премьер Виктор Зубков мыйзам боюнча кызматынан чегиниш керек жана дал ошол мезгилде Путинди жаңы премьер кылып шайласа болот.

Ректордун сунушун Путин курултайда кабыл алды: "Өкмөткө жетекчилик кылуу - чындап эле реалдуу сунуш, бирок ал жөнүндө ойлонуу азырынча эрте. Ага чейин, биринчиден, 'Бирдиктүү Россия' 2-декабрдагы парламенттик шайлоодо утуп чыгыш керек. Экинчиден, абийирдүү, жөндөмдүү, натыйжалуу жана заманга ылайык адам өлкө президенти болуп шайланыш керек", - деп билдирди Путин.

12-сентябрда Зубковду жаңы өкмөт башчы кылып дайындаганда, президент аны дал ушинтип "абийирдүү, жөндөмдүү, натыйжалуу жана заманга ылайык адам" деп мүнөздөгөн. Ошондуктан, орусиялык "Коммерсант" гезити 2-октябрда жазганга караганда, Зубков кызмат боюнча жогорулап, мартта президент болуп шайланышы мүмкүн жана аны менен Путиндин премьер болушуна жол ачылат.

Андан аркы өнүгүү кандай болоору азырынча так белгисиз. Орусиялык жана чет өлкөлүк эксперттердин баамында, эгер Путин премьер бойдон калам десе, декабрдан мартка чейинки мезгилде Дума өкмөт тууралуу жаңы мыйзам кабыл алып, премьердин укуктарын көбөйтүшү мүмкүн. Мисал үчүн, күч колдонуучу министрликтер азыркыдай президентке эмес, премьерге баш ийет деген өзгөртүү киргизилиши ыктымал.

Эгер Путин премьер болуп калууну каалабаса, жашы жетип калган жана мартта президент болуп жайланышы толук ыктымал Зубков кайсы бир себеп менен кызматынан кетиши мүмкүн жана мыйзам боюнча анын ордун премьер Путин басат. Аны менен Орусиянын бир дагы мыйзамы жана конституциясы бузулбайт.

Белгилүү орус аналитиги Станислав Белковскийдин пикиринде, Путин түбөлүккө бийликте кала тургандай: "Президент Владимир Путин ардактуу пенсионер болууну каалабагандай. Ал үчүнчү жана андан соң төртүнчү, бешинчи, алтынчы мөөнөткө калууну чечти. Ал бийликтен кетсе, өлкөдө бийлик башка бирөөгө тынч өтпөй турганын билгендей", - дейт Белковский.

XS
SM
MD
LG