Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

РЕФЕРЕНДУМДУН ПАЙДАСЫНАН ЗЫЯНЫ КӨППҮ?


2-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы референдумга карата канча киши катталганын тактап, ага жараша бюллетендерди чыгаруу чечимин кабыл алды. Бюллетендердин 70 пайызы кыргыз тилинде, 30 пайызы орус тилинде болмокчу. Кыргызстанда жалпысынан 2 миллион 733 миң 991 шайлоочу катталган. БШК мүчөлөрү жана бийлик өкүлдөрү референдум ачык-айкын өтөрүн айтышканы менен бир катар саясатчылар андай убадаларга такыр ишенүүгө болбойт дешет.

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей референдумга даярдыкта эч кандай тоскоолдуктар жок жана өлкөдөгү абал туруктуу сакталса бардыгы өз убагында өтөт. БШКнын чечимине ылайык эми канча шайлоочу катталса ошончо бюллетен жасалып, жасалмалардан сактануу үчүн ал түстүү казазга басылат да жергиликтүү учаскалык комиссиянын мөөрү менен тастыкталат. БШКнын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Галия Алымбекованын айтымында, уюштуруу иштери өз убагында жасалууда:

- Сөзсүз түрдө үлгүрөбүз. Анткени, референдум болору жарыяланган күндүн эртеси эле БШК календардык план бекиткен. Ошонун негизинде бардыгын жасап, үлгүрүп жатабыз, эч кандай маселе жок.

БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошеванын ырасташынча, мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн катталган адамдардын тизмесин тактап коюу керек:

- Тизмелер боюнча кайрадан такташ керек. Орусияга кеткендер жүрөт тизмеде, өлгөн кишилердин аты-жөндөрү жүрөт. Ошолорду карап коюш керек, мыйзам бузуулар болуп кетпесин десек.

Ошондой эле ал сунушталган баш мыйзамдан президенттен, депутаттардан жана соттордон кол тийбестикти алып салуу демилгесин колдой турганын, колтийбестикке жамынгандар басымдуу учурда кылган иштери үчүн таптакыр жооп бербей калганын айтты. “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев да колтийбестик дегендин кереги жоктугун, бул референдум дагы Акаевдин доорундагыга окшошуп калбоосу зарылдыгын баса белгиледи:

- Референдумду Акаевдин заманындагыдай эмес, таза өткөрүш керек, мыйзам бузууларга жол бербей, элдин жонунан тон бычпай. Бирок, биздин оюбузча кол тийбестикти конституциядан президенттен, депутаттардан, соттордон алып салуу керек. Анын үстүнө 2005-жылы Курманбек Бакиев өзү эки айткан, “мага кол тийбестиктин кереги жок” деп. Сөзүнө турушу керек деп атабыз.

Ал эми жаш экономист Талант Кемеловдун пикиринде, негизи эле референдум демилгеси акча менен убакытты текке кетиргенге барабар. “Баш мыйзамды саясий күчтөр талкуулап, тең салмактуулук сакталган долбоор иштелип чыкса болмок”,- дейт ал:

- Мында баарыбир президент өзүнүн долбоорун өткөрөт да. Өткөргөндөн кийин кайра эле ага алымсынбагандар, жактырбагандар көп болот. Ошондуктан референдум деген нерсе акчаны бошко чачуу, убакыттан уттуруу деген сөз.

XS
SM
MD
LG