Нью-Йоркто БУУнун жылдык жыйынына катышууга барган тышкы иштер министри Эднан Карабаев 2-октябрда БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен БУУ эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү багытында сүйлөшүүлөр болду. Ошондой эле Карабаев 20-февралды Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнү катары белгилөө жана Глобалдык экинчи тоо саммитин өткөрүү тууралуу президенттин демилгесин баса белгилеген. (AJ)