Акцияга Бишкек шаарынын тургундары катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 60 добуш менен “Ата мекен” партиясы алдыга чыкты. Социал-демократиялык партияны 39 адам колдоду. 18 адам - “Ар намыс”, 17 киши - Коммунистер партиясын, 10 адам - “Ак шумкар” партиясын колдоду. “Содружество” жана “Менин өлкөм” партиялары сегизден, “Жаңы Кыргызстан” жана “Асаба” алтыдан добуш алды. Сегиз адам “баарына каршы” позициясын тандады. “Ата мекен” социалисттик партиянын жаштар канаты праймериз – баштапкы добуш берүү иш-чарасы үчүн өлкөдө эң таанымал 11 саясий партия көрсөтүлгөн 500 бюллетень даярдаган. Партиянын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаевдин айтымында Кыргызстанда мындай акция биринчи жолу уюштурулду. Алгачкы праймериз 1842-жылы АКШда өткөрүлгөн. (JTo)
16:48 “Ата мекен” партиясы парламенттик шайлоону утурлай баштапкы добуш берүү акциясын өткөрдү