«Үч жылдын ичинде биздин акцияларыбыздын баасы бир миллиард 175 миллион болот. Бул реалдуу цифралар. Мына бүгүн акциялардын баасы 9,8 чыккан экен. Ал эми салык төлөө боюнча үч жыл ичинде 161 миллион доллар түшөт,»- деп айтты Акылбек Жапаров депутаттар алдында сүйлөгөн сөзүндө. Анын айтымында, «Кумтөр» алтын кенин иштетип жаткан канадалык ишкана буга чейин тогуз жылдын ичинде болгону 120 миллион доллар салык төлөп келген. (KCh)