Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

ЭЛ АРАЛЫК ШАХМАТ ФЕДЕРАЦИЯСЫ КЫРГЫЗСТАНДЫ МҮЧӨЛҮКТӨН ЧЫГАРДЫ


Эл аралык шахмат федерациясы (ФИДЕ) эки миң евро өлчөмүндөгү мүчөлүк акыны учурунда төлөбөгөндүктөн Кыргызстандын шахмат федерациясын катарынан чыгарып салган чечимин жөнөттү. Эгемендикти алгандан бери кыргызстандык шахматчылар Азия жана дүйнөлүк биринчиликтерде, шахмат олимпиадаларында таанылган эле. Ал түгүл Азиянын чемпиону, жеңүүчүсү болгон жаштардын жолу буулдубу? Шахмат федерациясынын президенти, өлкөнүн каржы министри Акылбек Жапаров шахматчыларга көңүлүн бурбай коюп, ФИДЕден чыгып калдыбы?

1992-жылы Манила шаарында (Филиппин) өткөн шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиадада кыргыз шахматчы кыз-келиндер командасы эгемендүү Кыргызстандын атынан 1-жолу катышып, 15-орунду ээлеген. Ошондон бери кыргызстандык шахматчылар 8 шахмат олимпиадасына катышты. Ошондой эле жаштар-өспүрүмдөр бир нече жолу Азия жана дүйнөлүк биринчиликтерге катышып, мөрөй алышты.

Кыргызстандын шахмат федерациясы 1947-жылы түзүлгөн. Быйыл бул уюмга 60 жыл толуп жатса дагы эл аралык уюмдан чыгып калганы өкүнүчтүү. Бул уюмду көп жылдар бою экономика илимдеринин доктору, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, маркум Акылбек Муратбеков жетектеген. Кийин шахматчыларга камкордук көрөбү деген тилек менен ошол учурдагы өлкөнүн салык инспекциясынын директору Карим Уразбаевди жетекчи кылышкан. Ал үмүттү актабаганда белгилүү ишкер, “Нарын эркин экономикалык аймактын” директору Таалайбек Дүйшеевди федерацияга президент кылышкан. Ал деле колунан келишинче аракет кылды. Андан кийин “Кыргызстан аба жолдору” акционердик коомунун экс-президенти Таалай Океновду “атка” мингизишсе да федерациянын жүгүн тарта албады.

Төрт жылдан бери шахмат федерацияга учурда өлкөнүн финансы министри Акылбек Жапаров президент болуп, колдоо көрсөттүүгө убада кылганы менен мамлекеттик иштен колу бошобой, шахматчылар көңүл сыртында жүрөт. Акылбек Жапаров өлкөнүн шахмат федерациясын эл аралык шахмат федерациясы мүчөлүктөн чыгарып салганын, бир нече ирет эскертүү беришкенин билбейт экен.

Шахматчыларга жардам берүүгө аракет кылаарын, 2 миң евро мүчөлүк акыны өз чөнтөгүнөн төлөп берип, кайрадан ФИДЕге мүчө кылаарын каржы министри Акылбек Жапаров “Азаттыктын” кабарчысына айтып берди.

-Шахмат федерациясында почетный президентмин. Биз ФИДЕге карызыбыз бар болчу, мен азыр сураштырып тактап көрөйүн. Эгерде 2000 доллар же евро болсо, мен өзүм төлөйм. Жыл сайын өзүбүз эле төлөп келатабыз. Буюрса демөөрчүлөрдү табабыз да төлөгөнгө аракет кылабыз. Бүгүнкү күнү атайын Панфилов паркында чоң бир имарат алып атайын бир шахматный клубунун бет ачарынын астында турабыз. Мындан тышкары мурун Улуттук олимпиада комитети отурган офисти биз атайын ремонт кылып, ошо жерге федерациянын борборун ачтырып атабыз. Мындан тышкары эмдиги жылдан баштап эки башкы машыктыруучубуз болот. Аялдар боюнча, эркектер боюнча анан эки машыктыруучубуз балдар боюнча ошолорго да каражаттарды таап биз киргиздик. Бирок негизинен бул федерация баягы чарбалык эсептин негизинде болгондон кийин учурда жакшы көңүл бурулбай жатат. Колубуздан келген акчаларды “тияктан-бияктан” таап жардам берип атабыз. Бирок, өзүңүздөр билесиздер атайын 19-берене менен парламент бекитип берген, коомдук уюмдарга казынадан акча бөлүнбөйт деп. Ошондуктан колубуздан келген жардамды берип атабыз.

Өлкөнүн тандалган шахматчылары дүйнөлүк 8 шахмат олимпиадасына катышканын, өкмөттүк деңгээлде жардам болбой, демөөрчү издеп, убара болуп жүрүшкөнүн эл аралык шахмат чебери, өлкөнүн көп жолку чемпиону Бактыгүл Тиленбаева айтып, чоңдорду жетекчи кылуу менен маселе чечилбегенин айтып келет.

- Өлкөдө келечектүү, таланттуу жаштар арбын. Биз кудайчы болуп бүттүк. Кызым Жаңыл Азия чемпионаттарында бир нече ирет байгелүү орунга ээ болсо да Кыргыз спорт комитети стипендия бербей жүрөт. Кыргызстандын шахматчылары ата- энелердин колдоосу менен гана кармалып турат. Ал эми федерацияга президент болуп туруп каржы министри Акылбек Жапаровдун ФИДЕге мүчөлүк акы үчүн 2 миң евро төлөбөй койгону уят эле иш. Дүйнө жүзүнө уят болдук. Бизди эмдиги жылы Германияда болчу шахмат олимпиадасына киригизбей койот.

Өлкөдө жакшы шарт түзүлбөгөндүктөн жаштар арасында Азия чемпиону Эрнест Инаркиев Орусияга кетип калган. Кыргызстандык Светлана Матвеева да Москвага кетип, шахмат олимпиадасында орустарга көп упай топтоп жүрөт.

Ошондой эле Орусияда шахмат оюну мектеп программасына киргизилген. Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин Москвадагы Анатолий Карпов атындагы Эл аралык шахмат мекебине кабыл алынганын атасы Төлөгөн Исаев айтып, Семетейди Орусиянын командасына чакырып, шарт түзүп беребиз деп жатышканын, бирок Кыргыз намысы үчүн уулун ал жакка жибербей койгонуна учурда өкүнгөнүн билдирди.

- Менин уулум Семетей Азия чемпионатында эки ирет чемпион болгондон кийин Орусия жана Казакстан өлкөлөрү бир нече ирет чакырышты. Москвадан же Алматыдан үй беребиз, шартын түзүп беребиз дешкен. Биз андай убадаларга көңүл бурбай, Кыргызстандын ар- намысын жогору койгон элем. Эми аларга түзүлгөн шарт биз үчүн жомоктогудай десем да ашыкча болбос. Кыргыз элимдин алдында жүзбүз жарык жүргөнүбүз артык дечүмүн. Айла кеткенде дүйнө, Азия биринчиликтерине уулумду катыштыруу үчүн Бишкектеги үйүмдү, машинамды жана чакан дүкөнүбүздү сатууга туура келди. Кыргыз спортуна күйгөн, жаштарга көңүл бурган жетекчиге зар болдук. Кыргызстанда спорт тармагында саясат жок деп эсептейм. Акылбек Жапаров президент катары иш алып барып, жардам берген жок. Же иштөөчү адамга ордун бошотуп да бербей жүрөт. Көп убада берген анысын аткарган да жок.

Быйыл 15-ноябрда Түркиянын Анталия шаарында улан-кыздар арасында шахмат боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Кыргызстандык шахматчылар бул дүйнөлүк акыл таймашына катышууга камылга көрүп жатышкан. Эми ФИДЕден чыгарып салгандыктан, жаштардын деми сууганы турат.

Өткөн кылымдын 70-80-жылдарында Леонид Юртаев, Натан Зильберман, Таалайбек Иманалиев, Эдил Молдобаев, Борис Канцлер, Владимир Ильинский жана башкалар чемпион болгон. 1979-жылы июль айында Москвада СССР элдеринин 7-жайкы спартакиадасында Бакыт Самагановага спорт чебери деген наам ыйгарылган. Кийинки жылдарда кыз-келиндер шахматында Бакыт Самаганова, Ирина Острий, София Сабирова, Бактыгүл Тиленбаева, жана башкалар, өзгөчө Светлана Матвеева сыяктуу мыктылар чыккан. Кыргызстанда көптөгөн эл аралык, союздук, республикалык маанидеги ири мелдештер жогорку уюштуруучулук деңгээлде ийгиликтүү өткөрүлгөн. Кыргызстанга чыгаан шахматчылардын жылдыздары дүйнөнүн беш жолку чемпионкасы Нона Гаприндашвили, дүйнөнүн 5-чемпиону, техника илимдеринин доктору Михаил Ботвинник, дүйнөнүн 12-чемпиону Анатолий Карпов, дүйнөнүн 5 жолку чемпионкасы Майя Чибурданидзе, дүйнөнүн 13-чемпиону Гарри Каспаров жана башкалардын келиши өлкөдөгү шахматтын өнүгүшүнө зор таасир берген.

Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү шахматтын мекени Индия деп эсептешет. Бирок айрым маалыматтарда бул оюн кыргыздардын киште жана чатыраш акыл оюндарынан келип чыккан деген божомолдор айтылып жүрөт. Эң байыркы шахматтык фигуралар түштүк Өзбекстандагы Дальверзинтер шаарчасын казганда жана түштүк Тажикстандан, Памирден, Түркмөнстандан табылган. Алар сөөктөн, пил сөөгүнөн, айнектен жасалып, орто кылымдарга таандык болгон. Кыргызстанда жана ага канатташ аймактарда шахматтын өнүгүү тарыхы жөнүндө азыноолак материалдар бар. Мисалы, 1985-жылы Түндүк Ферганада пил сөөгүнөн жасалып чеңгелине кайсы бир суучулдукту мыкчый аска ташта отурган жырткыч куш кейпиндеги фигура табылган. Изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча бул фигура жомоктогу рух деп аталган кушту билдирип, 8-9-кылымдарга таандык.

1979-жылы археолог Д.В.Винник Бурана шаарчасын казууда шахмат деп атоого боло турган, ак жылмакай сыр менен капталган пилдин карапа фигурасын тапкан, ал 10-11-кылымдарга таандык. Бишкектеги №10 орто мектептин окуучулары орто кылымдагы Сокулук шаарчасынын аймагынан табышкан материалдардын арасында тур менен пилге окшош болгон, пил сөөгүнөн жасалган эки фигура табылган.

1984-жылы Бурана коргонунун борбордук дөңчөсүнүн батыш жагын казганда шахмат фигурасына абдан окшош аттын сөөк фигурасы да табылган.
Кыргыздардын киште жана чатырашты шахматтын түпкү теги деп кароого толук негиз бар дешет адистер.
1924-жылы эл аралык шахмат федерациясы (ФИДЕ) уюшулган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG