Бул тууралуу жакында эле түштүк аймактарындагы абалды иликтеп келген Эл аралык өнүгүү жана саясат боюнча агенттигинин эксперттери билдиришти. Бүгүн бул уюмдун талдоочулары «Колдон жылмышкан Түштүк» деп аталган аналитикалык баяндамасынын бет ачаарын өткөрдү. Анда өлкөдөн сыртка чыккан мигранттардын 80 пайызы, Чүйгө келгендердин 60 пайызы түштүктүктөр экени, аймак экономикалык жактан кыйла артта калганынан жана жашоо шарттын начардыгы белгиленет. Ошондой эле өзгөчө тажик жарандары чек ара аймактарынан үйлөрдү сатып алуу, жерлерди ээлеп алуу аракети күч экени айтылып, чек ара аймактарындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн экономикалык шарт түзүү, күч министрликтерин түштүккө көчүрүү сыяктуу сунуштар айтылат. (SM)