Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

САРКОЗИ РОССИЯНЫ ТҮШҮНГҮСҮ КЕЛЕТ


Бүгүн Кремлде орус жана француз президенттеринин ырасмий сүйлөшүүлөрү башталат. Николя Саркози Москвага кечээ түштөн кийин келип, Владимир Путиндин кечки сыяпатын көрдү. Француз президенти Россияны түшүнүү үчүн келгенин билдирди.

Ново-Огареводо кечки сыяпатта Николя Саркозини кабыл алып жатып, Владимир Путин Франция Россиянын Европадагы жана дүйнөдөгү артыкча мааниде турган өнөктөштөрүнүн бири болгонун жана да боло берерине үмүттөнө турганын айтып, эки тараптын мамилелери ийгиликтүү өнүгүп жатканын, жогорку деңгээлдеги байланыштар бекем экенин, соода-сатыгы өсүп баратканын белгиледи.

Саркози өз кезегинде Москва дүйнөлүк аренага кайта келип, андан өз ордун тапканга талаптанып жатканын жана муну айыптай албай турганын, анын ордуна Россияны түшүнгүсү келерин билдирди. Буга жооп кылып Путин “Россияны акыл менен түшүнгөнгө болбойт, аны саржанга салып өлчөгөнгө да болбойт, Россиянын жасаты башкача жаралган, Россияга тек гана ишенсе болот” оролундагы Федор Тютчевдин ыр саптарын эске салды.

Кремлдин өкүлдөрү бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө Саркози менен Путин негизинен эки тараптын соода-экономикалык мамилелерине, алардын азыркы абалына жана келечегине байланыштуу маселелерди талкуулайт дешет. Француз тарабы болсо геостратегиялык маселелерге,айрыкча Косово проблемасына жана Ирандын ядролук программасына басым жасаларына ишаара кылышты.

Иранга байланыштуу Франциянын позициясы соңку кездери өзгөчө катаал тарта баштады. Саркози аскери кийлигишүүнү кабыл алгылыксыз деп эсептейт, бирок Тегеранга каршы тезинен санкцияларды киргизүү зарылдыгын жактайт. Россия болсо мурдагыдай эле буга каршы чыгып жатат.

Франциядагы президенттик шайлоо өнөктүгү маалында Саркози адам укуктары Россияда басмырланып, демократия кризиске учурай баштаганын көрсөткөн эле. Жакында болсо Саркози Россияны дүйнөлүк проблемаларды чечпестен, кайра аларды чиелентип жатканы үчүн айыптаган.

Москвадагы глобалдык экономика жана эл аралык мамилелер институнун Европа бөлүмүнүн башчысы Кира Зуева эки президент көпчүлүк маселелерде кантсе да орток пикир таба аларына ишенет. “Экөө тең прагматик,экөө тең реалист.Экөө тең өз өлкөлөрүндөгү кырдаалды жакшы өңүттө өзгөртүүнү көздөгөн олуттуу саясатчылар. Саркозинин америкачыл ой-пикирлерине карабастан Россия менен Франциянын ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер болбойт”, - дейт Зуева.

Саркози мындан үч жыл илгери Франциянын экономика министри кызматында турган кезде Москвада бир жолу болуп кеткен. Быйыл президент болуп шайланган соң Владимир Путин менен “чоң сегиздин” Хайлигендаммдагы саммитинде таанышкан.

XS
SM
MD
LG