Жуманын аягында өлкөнүн түштүк чыгышындагы Ирака чегаралаш Шырнак шаарыныын тегерегиндегы Габар тоолу аймактарында ПКК аталган жикчил уюмдун буктурмасында 13 аскердин окко учуусу Түркияда коомчулукту жаалдантып, террорго каршы күрөш маселеси Анкарада саясий жана аскердик күн тартиптин төрүн ээлеп калды.
Өлкөнүн түркүн шаарларында карапайым эл дүүлүгүп, ПККге каршы көчөлөргө чыгар алдында дүйшөмбү күнү адегенде министирлер кабинетинин жыйыны өткөрүлдү. Аны улай Түркиянын президенти Абдуллах Гүл премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган менен армиянын штабынын төрагасы Генерал Яшар Бүйүканытты президенттик сарайга чакырып, кийинки террор окуяларга каршы көрүлүүчү чараларды талкууга алды. Шейшемби күнү болсо Режеп Таййип Эрдоган оппозициядагы партиялардын кескин сындоолорунун тушунда Террорго Каршы Күрөш Жогорку Курумунун атайын жыйынын чакырып кийинки абалды талкууга алды. Курумдун жыйыны болуп жаткан кезде оппозициядагы Улутчул Аракет Партиясынын лидери Девлет Бахчели Түркия үчүн чегаранын ар жагында операция жасоого убакыт келип жеткенин айтты.
“Байма бай референдум жасай турганын муштулап келаткан өкмөт башчысына, чегаранын арткы жагында аскердик операция тууралуу референдум өткөрүүсүн сунуш кылгым келер эле. Бул аркылуу өзү жана өкүмөтү океандын наркы жагынан уруксат алуу түйшүгүнөн да кутулган болор эле”,- деп сүйлөдү Девлет Бахчели.
Оппозициядагы Жумуруятчыл калк партиясынын лидери Дениз Байкал болсо: “бир айдан кийин Вашингтонго барганда маселени АКШнын президенти Жорж Буш менен талкуулайм” деп өткөн жакын арада билдирген премьер-министр Эрдоганды сынга алды:
“Өкүнүү сезимдери менен байкап келатабыз. Кийинки аралыкта орун алган ар бир кайгылуу окуянын артынан көөдөн көтөргөн сөздөр, күч көрсөтүү тууралуу курулай коркутуулар, анан кийин кыймылсыздык. Эмне, террорго каршы күрөшүш үчүн сиз бир айдан кийин Жорж Буш менен өткөрө турган сүйлөшүүнү күтүүгө туура келип олтурабы”,- деп айтты Байкал мырза.
Террорго Каршы Күрөш Жогорку Курумунун жыйыны 3 жарым саатка созулуп, жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүдө “керек болгон абалда чегараны ашкан аскердик операцияны да кошуп алганда тийиштүү бардык чараларды көрүү тууралуу тийиштүү мекемелерге буйрук берилди” деп баяндалды. Жыйындан кийин чыгып сүйлөгөн коргоо министири Вежди Гөнүл, чегараны ашкан операция сүйлөмүн чечмелеп берди. Ал муну үчүн парламенттин токтому талап кылынаарын, а террорчулардын артынан кууш ансыз деле мүмкүн экенин кошумчалады.
Ушинтип Анкаранын күн тартибиндеги баштапкы тема ушу тапта террор жана Түндүк Иракка аскердик операция жасоо маселеси болп турат. Оппозиция жана эл катуу талап коюп жатканы менен айрым чөйрөлөр, анын ичинде бир катар журналисттер, бул маселеде өкүмөттү кыраакы жана этияттуу болууга үндөшүүдө. Маселен, «Реферанс» гезитинде жазган макаласында комментатор Женгиз Чандар, “үй ичин жөнгө салбай туруп чегаранын сыртына операция жасоо деген кандай сөз. Акыл-эсибизди башыбызга жыялы ПККнин капканына түшө көрбөйлү. Бул- Түркияны иррационалдуу жолдорго тарткысы келген ПККнин жаңы бир капканы” деп аскердик операцияга каршылыгын билдирсе, «Миллиет» гезитинин баш редактору Деря Сазак Түркиянын армиясы 80- жылдардан бери Түндүк Иракkа байма бай аскердик операция уюштуруп келгенине карабай, ПККнын очогоун өчүрүш бүгүнгө чейин мүмкүн болбогонун эске салып, “жүргүзүлүп келген күрөштүн маанисин иликтеп чыгуу зарыл” деген пикирин баяндады.