Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

ТҮРКМӨНСТАНДА МУНАПЫС ЖАРЫЯЛАНДЫ


Tүркмөнстанда ушул күндөрү 9 миңдей айыпкер мунапыс алды. Жаңы президент Гурбангулы Бердымухаммедов бир катар саясий туткундарды жана экс-министрлерди бошотот деген божомолдор айтылып жаткан эле. Бирок бул үмүт чектелүү мүнөздө гана ишке ашты.

Ушул дүйшөмбүдө Түркмөнстанда мамлекеттик сыналгыдан мунапыс алгандардын айрымдарын көрсөтүштү. Алардын бири ыйык куранга, ыйык нанга, жана ыйык Рухнамага мындан ары эч кылмыш кылбайм деп карганды.

Таган деген ташауздук айыпкер да мындан кийин кылмыш кылбоого ант берип, "биздин президент мындан ары биз кылмышкер деп саналбай турганыбызды, бизге жумуш берилээрин айтты, биз ага ыраазыбыз",- деди.

Кечирим алгандардын эң таанымалы Гелди Кыяризов болду. Кыяризов мурда Түркмөн аттары боюнча өкмөттүк биримдиктин директору болгон, ал ошондой эле дүйнөгө аты чыккан саяпкер дагы.. Укук коргоочу уюмдар түркмөн өкмөтүнө аны бошотуу өтүнүчү менен көп жолу кайрылышкан. Ал 2002-жылдын январынан бери камакта отурган. Эл аралык Мунапыс уюмунун маалыматына ылайык, Кыяризовдун саламаттыгы начарлап кеткен. Ал "кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган жана өз милдетине кайдыгерлик менен мамиле кылган" деген айыптоолор менен кесилген, түрмө мөөнөтү келерки жылы апрель айында аяктамак.

Бошотулгандардын арасында маркум президент Ниязовдун президенттик кароолунун мурдагы жетекчисинин уулу Нурмурад Режепов да болду. Режеповдун эмне себеп менен бошотулганы беймаалым. Анын атасы менен кошо камалышынын себеби да жарыяланган эмес эле.

Ал эми быйылкы мунапыста бошотулуп калышы мүмкүн деп болжолдонгон белгилүү адамдардын арасында мурдагы тышкы иштер министри Борис Шикмурадов бошотулган жок. Ал Түркмөнстандан качкандан бир жылдан кийин жашыруун кайтып келгенде камакка алынып, өмүрүнүн аягына чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылган эле. Бирок бул ирет Шикмурадовдун аялы жана жээни бошонуп чыгышты.

Президент Ниязовдун тушунда да мунапыс жыл сайын жарыяланчу. Айрым учурда айыпкерлер бир жылда бир нече жолу кечирим алышчу. Мисалы, 1999-жылы кеминде төрт мунапыс жарыяланган. Адатта 7 миң – 10 миң чамасында киши бошотулат. Бул ирет 8853 кишини түрмөдөн кое беришти. Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат министрлигине ылайык, алардын 5 миңи быйыл, 2 жарым миңи былтыр кесилгендер. Түркмөнстанда киши өлтүрүү, зордуктоо жана терроризм сыяктуу оор кылмыштары үчүн кесилгендерге эч качан мунапыс берилбейт. Коррупция жана мамлекеттик мүлктү ысырап кылгандыгы үчүн эркинен ажыратылган өкмөт кызматкерлери да кечирим ала алышпайт.

Бошотулуп жаткандардын тизмесинде 1370 аял да жүрөт. Бирок өлкөдө көзгө басар бир гана аялдар түрмөсү бар жана анда 700 кишиге гана орун бар. Ушуга караганда, 1370 деген сан бир катар суроолорду жаратат.

Албетте бошотулгандарга жумуш оңой менен табылаарын айтуу кыйын, анын үстүнө түрмөдөн кийин алардын саламаттыгы да анчейин. Бул тууралуу Балкан областынын тургуну Азаттыктын түркмөн кызматына буларды билдирди:

- Аларды караган эч ким жок, аларга жумуш да сунуш этишкен жок. Анткени түрмөдөн өтө көп сандагы киши бошотулат.

Кошумчалай кетээрибиз, бошотулгандардын көпчүлүгү мунапыстарга көнүп калышкандар. Алар эркиндик алгандан кийин кайра уурулукка кирип, же ичкиликке берилип кетишет да, кайра эле темир тордун артына камалышат. Ушундан улам, түркмөн жарандандары арасында бул манапыстарды жактырбагандар аз эмес. Адатта мунапыстан кийин кылмыштуулук өсүп кетет. Түркмөнстандагы түрмөлөрдөгү абал тууралуу маалымат жокко эсе, бирок абактар айыпкерлерди жазалоого гана ылайыкташтырылганы белгилүү. Мисалы түрмөлөрдө айыпкерлерди кесипке үйрөтүү программалары жок. Мындай программалар аларга түрмөдөн чыккандан кийин иш таап, кылмыштуулуктан такыр баш тартууга шарт түзмөк.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG