Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

ДАНИЯР ҮСӨНОВ БИШКЕК ШААРЫНА ЧОҢ БОЛДУ


Ири ишкер жана саясатчы Данияр Үсөновду президент Бишкек мэринин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Арстанбек Ногоев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаарынын башчылык кызматынан бошоду. Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерди шаар кеңеши бекитиш керек. Данияр Үсөнов бүгүнкү маалымат жыйынында Бишкек мэринин кызматынан өзүнүн бизнеси үчүн эч качан пайдаланбай турганын жарыя кылды.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда ири ишкер жана саясатчы катары таанымал. Ал мурдагы президент А. Акаевдин тушунда оппозицияга өтүп, бийликтин кысымына кабылган. Март революциясынан кийин ал К. Бакиевдин командасына кошулуп, ага шайлоодо колдоо көрсөтүп, Феликс Куловдун тушунда өкмөттө биринчи вице-премьер-министр кызматында иштеди.

Аны парламентте көп депутаттар чоң кызматын өзүнүн бизнесин өнүктүрүү үчүн пайдаланып жатат деп катуу сындап келишкен. Ошондуктан, өткөн жылы ноябрда өкмөт алмашканда премьер-министр болуп келген А. Атамбаев аны жаңы өкмөттүн курамына көрсөткөн эмес.

Данияр Үсөнов бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, Бишкек шаар башчысынын кызматы ага күтүлбөгөн жерден сунуш болгонун билдирди. Ал ошондой эле мэрдин кызматын өзүнүн бизнесин өнүктүрүү үчүн эч качан пайдаланбай турганын баса белгиледи.

«Менин бизнесим менен Бишкек шаар башчысынын кызматы – таптакыр өз ара байланышпаган нерселер. Өзүнүн бизнеси үчүн бийликти пайдаланган чиновник жакшы эмес. Мен "Инексимбанктын" акционеримин, аны башкарууга катышпаймын. 15,6 пайыз акциям бар, тийиштүү дивиденд алып турамын. Бул мэр кызматын бизнесте пайдалануу мүмкүн эместигин билдирип турат»,- деди Данияр Үсөнов.

Данияр Үсөнов жакынкы эки ай ичинде борбор шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын шаар кеңешине сунуш кылмакчы. (KCh)

XS
SM
MD
LG