Конституциялык соттун корутундусу колунда жок туруп Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүү киргизип, өткөн жылдын 9-ноябрында, ага улай 30-декабрда Башмыйзам редакциясын кабыл алышка акысы жоктугун өлкөнүн башкы соту 14-сентябрда ырастаган. Конституциялык сот андай чечимин парламент депутаттары Кабай Карабеков менен Мелис Эшимканов доо арыздарына таянып чыгарган. Мыйзам бузуу менен кабыл алынган Конституциянын эки редакциясы колдонуудан алынып ташталды.
Конституциялык соттун даттанууга жатпаган айныксыз акыркы чечимине карата Жогорку Кеңештин жообу 2006-жылкы Конституция иштеп турган кезде шайланган Конституциялык соттун судьялары Чынара Курбанова, Өмүрзак Мамыров, Светлана Сыдыкова жөнүндөгү токтомун жараксызга чыгаруусу болду. Парламенттин мындай аракети мыйзамга жатпастыгын белгилеп, Коснтитуциялык соттун үч судьясы сотко кайрылышкан. Аны Өмүрзак Мамыров мындайча түшүндүрдү.
- Биздин арыз беришибизге Жогорку Кеңештин Конституциялык үч сотту шайлагандыгы тууралуу токтомду жокко чыгарышы болду. Бул негизсиз деп биз райондор аралык сотко арыз бердик. Биз аны биздин чечимибизге карата өч алуу деп көрсөттүк. Жогорку Кеңеш биз кабыл алган чечимди туура эмес деп эсептейт. Биз туура дедик.
Жогорку Кеңештин Конституциялык сот тууралуу токтомдору өлкөнүн өз алдынча сот бийлигине ачыктан-ачык бут тосуп, кысымга алуу экенин белгилеп Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова президент К.Бакиевге үч ирет кайрылуу жолдогон. 2-октябрда Жогорку Кеңеш Азимбек Бекназаров жетектеген парламенттик комиссиянын маалыматын угуп, өлкөнүн баш сотунун буга чейинки ишмердигин талкуулады.
Комиссия жетекчиси Конституциялык сотту кармоого бюджеттен 1993-жылдан 2007-жылга чейин 76 миллион ашуун акча сарпталганын кабарлады. Анан да Конституциялык соттун чечими менен мурдагы президент А.Акаев үчүнчү ирет шайланууга мүмкүндүк алганы, буга чейинки референдумдардын текши баарын колдогон чечимдерин башкы сот чыгарып келатканы сындуу биртоп кинелер айтылды. Бийликтин эки бутагынын ортосундагы алдагыдай токтомдор айтышы парламент депутаты Кубатбек Байболовдун ырасташынча, тирешүү эмес.
- Тирешүү эмес. Ошол Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү тууралуу да токтом кабыл алынган. Конституциялык соттун чечиминде айтылган да. Күчүн жоготкон, Конституция негизинде кабыл алынган мыйзамдардын баары ылайыгына келтирилсин делген. Биз ошого гана негиздеп кабыл алганбыз. Конституциялык үч соттун арызынын төркүнү башка жакта жатат. Ошол эки бийликтин ортосунда тирешүү пайда болду деп, Жогорку Кеңешти таратууга негиз издеп жатышат. Кыздын сыры төркүнгө маалым. Ар бир кыймыл-аракеттин төркүнүн биз билебиз да.
Бишкектин райондор аралык соту парламент менен конституциялык сот ортосундагы тирешке толук чекит койду деп айтышка али эрте. Жогорку Кеңештин укук бөлүмүнүн башчысы Мая Бейшенова парламент аппеляциялык арыз менен шаар сотуна кайрылышы мүмкүн экендигин билдирүү менен чектелди. Сот ишине катышкан Туратбек Жаанбаев гана өз пикирин ачык айтты.
- Мынабул жерде чечилип жаткан мамлекеттик нерсе, менин оюмча, Ак үйдүн таасири менен туура эмес чечим болду. Менин айтайын дегеним ошол эле.