Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Түркия АКШдагы элчисин убактылуу чакыртып алды


Мындай кадамга Анкара АКШнын Конгрессинин эл аралык комитети 1915-жылы армяндардын кырылышын геноцид деп тааныган чечим кабыл алгандан кийин барды.Түркия Осмон империясы учурунда геноцид болгон деген айыптоолорду четке кагып, анда куралдуу кагылышуулар орун алганын белгилеп келатат. АКШ Түркиянын элчиси жакында кайрылып ордуна келерине үмүт артып, Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс Конгресстин Эл өкүлдөр палатасын армяндарга байланыштуу чечимди кабыл албоого үндөдү. Райстын айтымында, ал Түркия менен АКШнын мамилесине терс таасирин тийгизет.

XS
SM
MD
LG