1993-жылдын Конституциясы боюнча президенттин бийлиги чектелүү болгон. Аткаруу бийлиги өкмөткө, мыйзам чыгаруу бийлиги парламентке берилген. Сот бийлиги да күчтүү эле. Президент болсо бийлик бутактарынын ишине кийлигишпестен, конституциянын гаранты гана болуп бериши керек болчу. Чынында окуялар такыр башка нукта өнүктү, дейт конституцияны кабыл алгандан кийин таркап кеткен “легендарлуу” парламенттин депутаты Бегиш Ааматов:
- Биз кеткенден кийин конституциянын негизинде мыйзамдуу 105 кишиден турган парламент келиши керек эле. Аны ортосунда Конституциялык соттун жана баш мыйзамдын гаранты болгон Акаевдин мамлекет менен элге болгон чыккынчылыгы менен референдум өткөрүлгөн. Президент мамлекетти Жогорку Кеңеш тарабынан, ал аркылуу эл тарабынан контролдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан.
1994-жылдын октябрь айында өткөн референдумга парламентти эл өкүлдөр жана мыйзам чыгаруу жыйыны деп эки палатага болүү маселеси коюлуп, элдин колдоосуна ээ болгон. Бирок, парламент толук кандуу иштей алган жок, себеби бөлүнгөнү менен кош палаталардын ыйгарым укуктары аныкталбады.
1996-жылдын февралында өткөн референдумдун максаты - палаталардын ыйгарым укуктарын аныктап, бул маселеге чекит коюу эле. Бирок президент Акаев ал референдумду да өз кызыкчылыгына пайдаланып, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигин колуна топтоп алган.
1998-жылдын октябрындагы референдумга коюлган башкы маселе – жерди жеке менчикке кайтаруу болгон. Буга чейин баш мыйзамда жер мамлекеттин гана карамагында жана аны алып-сатууга тыюу салынат деп жазылган. Саясат изилдоочу Фарида Калматова калк учун өтө маанилүү болгон маселе менен катар 1998-жылдагы референдумга башка суроолор да коюлганын белгилейт:
- Чындап эле дыйкандар жерди менчикке беүү маселесинин тезинен чечиилишине эгедер эле. Бирок, муну менен катар бийлик референдум аркылуу депутаттардын кол тийбестик укугу кыскартылып, депутаттарды мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу жана ыйгарым укуктарынан ажыратуу өңдүү суроолорду өз пайдасына чечип алган.
2003-жылдын февралындагы референдумду өткөрүүгө Аксы окуясы жана өлкөдөгү оор экономикалык абалдан улам күч алган элдин бийликке нааразычылыгы себеп болгон. 2002-жылдын сентябрында президент баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Конституциялык кеңешмени чогултуп, бийлик бутактарын тен салмакка келтирүүгө кадам жасагандай көрүнгөн. Депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, күтүүсүздөн Аскар Акаев референдумга мурда макулдашылган эмес, өз долбоорун чыгара коюп өткөрүп жиберген болчу:
- Көрүнүп туграндай, саясий оппоненттери менен кеңешпей, алардын таасирин жокко чыгарып, “эл добуш берип, эл чечти” деген метод Кыргызстанда абдан ыңгайлуу. Анткени, элдин кандай добуш бергенин эч ким билбейт. Өлкөдө бийлик менен тең тайлашып, референдумду көзөмөлдөй турган бир да саясий уюм же күч жок,– деди Өмүрбек Текебаев.
Бул жолу да баш мыйзамдын тагдыры жалпы элдик референдум аркылуу чечилмей болду. Президент Курманбек Бакиев 9-сентябрда республикалык мугалимдер курултайында сүйлөгөн сөзүндө бул кадамын мындай деп түшүндүрдү эле:
- Конституциялык реформа бизге өтө зарыл. Конституцияны референдум аркылуу кабыл алуу - дүйнөдө кеңири жайылган практика. Мында мамлекет учун эң маанилуу документтин тагдырын эл гана чечет. Акыркы эки жыл ичинде өлкө болуп негизги мыйзамды талкууга алдык. Эми акыркы чечкиндүү кадамды жасаш керек.
Социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, президент референдум аркылуу Конституциялык реформага гана чекит койбостон, саясий каршылаштарына элдин колдоосуна ээ экенин көрсөткүсү келип жатат:
- Бакиев элге: “Биз, саясий элита конституциялык реформага чекит кое албайбыз”, - деген чакырык таштап жатат. Президенттин экинчи бир максаты да бар. Акыркы эки жылдан бери президент легитимсиз, элдин колдоосуна ээ эмес деген ач айкырык ташталып жатат. Бакиев эгер эл мени колдобосо, анда бул баш мыйзамдын долбоору үчүн добуш таштабайт, ошондуктан көрө жатарбыз деп айткысы келип жатат.
Ал эми юрист Наргиза Ташболотова референдум канчалык зарыл болбосо да аны өтө чукул мөөнөткө коюу туура эмес деп эсептейт:
- Азыркы шартта референдумду өткөрүү зарыл дейли. Бирок ал аркылуу баш мыйзам кандай өзгөрүп, ал өзгөрүүлөр кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн деген суроого калк эмес, көпчүлүк адистер да жооп бере албайт. Конституцияны оюнчукка айлантпай, кылдат иштеп чыгып, талкуулап туруп Референдумга коюу керек болчу.
Ошентип Кыргызстан Баш мыйзамды референдум аркылуу бешинчи жолу өзгөртүүгө даярданып жатат. Серепчилер Кыргызстан үчүн баш мыйзамды өзгөртүү өнөкөткө ал эми референдум саясий курал айланганын белгилешет.