Мындай тапшырманы өлкө ишкерлери менен болгон жолугушууда президент Курманбек Бакиев өз администрациясына милдеттендирди. Анда президент Салык кодексинин жаңы долбоорун иштеп чыгууну эмне үчүн министрлер кабинетине эмес, өз администрациясына тапшырганынын себебин түшүндүрүп өттү. Бакиевдин айтымынды өкмөт конституциялык реформалардан улам бул маселени чоюп жибериши мүмкүн, ал эми администрация туруктуу иштемекчи. Жаңы кодексти иштеп чыгууда салык боюнча кеңешчилер палатасы да тартылмакчы. (EBM)