Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

ПАТАРКАЦИШВИЛИ САЯСАТКА ЭМИ ЧЫНДАП КИЙЛИГИШҮҮСҮ МҮМКҮН


Грузиянын мурдагы коргоо миниcтри Иракли Окруашвилинин президентке жана анын бийлигине койгон айыптоолорун капилеттен эле кайра алганы чатакка дагы бир ири фигураны-олигарх Бадри Патаркацишвилинин аралаштырды. Грузиянын эң бай адамы Бадри Патаркацишвили республиканын эң таасирдүү кишилеринин бири. Ал россиялык олигарх, сүргүндө жашап жаткан Борис Березовский менен да жакын мамиледе.

Биринчи жолу Патаркацишвилинин ысмы Окурашвилинин сентябрдын соңку күндөрндө президенти Михаил Сакашвилиге койгон айыптоолорунда айтылган. Анда Окруашвили президент андан Патаркацишвилинин көзүн тазалоосун өтүнгөнүн айтып чыккан. Бирок андан көп өтпөй, Патаркацишвили президенттин "жеке душмандарынын" катарынан оппозициянын тымызын "демөөрчүсү менен шыкакчысына" айланды. Ошол эле Иракли Окруашвили "президент Патаркацишвилинин көзүн тазала, деп суранган эмес, ал билдирүүнү мен өзүмө саясий упай топтоо үчүн жасаганмын,"- деп айтып чыкты. Окруашвили 6 миллион доллар күрөө акча менен камактан бошотулуп, үйүнө чыкты бирок ал акчаны кимдер төлөдү, андай эле кыйын болсо Патаркацишвили көшөгөлөнбөй, саясатта ачык ойунчу болбойбу, деген сөздөр айтыла баштады. Саакашвилинин өкмөтү Патаркацишвилини саясий абалды бурмалап, сасяий климатты бузуп жатат, деп айыптады.

Окруашвилинин күтүсүүз жүрүшүнөн кийин Грузиянын Олимпиада Комитети шашылыш жыйынга чогулуп, Патаркацишвилини төрагалыктан бошотуп салды. Жыйынга катышкан 29 мүчөнүн бирөө гана белгилүү шахматист Нана Гаприндашвили буга каршы добуш берип, өкмөттү комитеттикке кысмак кылып жатат, деп айыптады. Андан көп өтпөй, өзүнүн Имеди телеканалынан чыгып сүйлөгөн Патаркацишвили жагдай аны оппозиция тарапка өтүүгө аргасыз кылып жатканын жарыялады:

-Тилекке каршы, буга себеп бар. Алар мага ачыкка чык деп туш тараптан айтып жатышат. Мени саясатка кыйыр кийлигишип жатат, деп апыртып жатышат. Мунун баары негизсиз жоромолдор бирок бир күнү саясатка чын эле кийлигишкен күнүм келиши ыктымал,-деди Патаркацишвили Имедиден сүйлөгөн сөзүндө.

Тбилсиде туулуп-өскөн Патаркацишвили 2000- жылга чейин грузин коомчулугуна белгисиз адам болучу. 90-жылдарда ал Россияда Березовский менен чогуу бизнес жасап, байыган. Маалыматтарга караганда, ал Березовскийдин ишенчиликтүү адамы катары ОРТ жана ТВ-6, ЛОГО ВАЗ, Сибнефть жана Аэрофлот компанияларында финансылык иштерге баш-көз болгон. Айрым булактар боюнча, грузин олигархынын байлыгы 9 миллиард доллар менен өлчөнөт.

Бирок эбегейсиз байлык менен көмүскө бийликке ээ Патаркацишвили Россияда жүргөн жылдарында Березовскийдин көлөкөсүнөн чыкчу эмес. Көчөгө чыгып Березовский жөнүндө сурасаң, элдин баары айтып беришет, Патаркацишвилини болсо эч ким билбейт, дейт россиялык байкоочу Марк Урнов.

Бирок ошого карабастан, Россиянын маалымат каражаттарында Патаркацишвилинин ысмы бир нече чуулгандуу чатактар менен байланыштуу аталган. Анын ысмы Берзовскийдики менен бирге ОРТнын журналисти Владислав Листьевдин өлүмүнө байланыштуу Чеченстандагы көмүскө келишимдерге байланыштуу аталган. Патаркацишивилинин КГБнин мурдагы офицери Александр Литвиненкону өлтүргөн деп шектелген Андрей Луговой менен да байланышы бар.

Литвиненко өлөөрдөн бир нече жума мурда Патаркацишвили менен Луговойду Тбилисинин ресторанынан көрүшкөн.

Россия прокуратурасы Патаркацишвилини камакка алууга бир нече жолу санкция берген бирок грузин өкмөтү аны ушул күнгө чейин коргоп келатат. Олигархка Кара Деңиздеги бир эс алуу жайлары, Имеди Медия холдиги, Тбилисидеги никелешүү сарайы жана башка кирешелүү обьекттер таандык. Имеди Медия холдинги обективдүү маалымат бергенге аракеттенет, ал ошондой эле Азаттыктын грузин редакциясынын радиоберүүлөрүн ретрансляциялайт.

Коррупцияга каршы элдешкис күрөш жарыялаган Саакашвилинин өкмөтү Патаркацишвилинин ишканаларына азыркыга чейин тийишкен эмес. Патаркацишвилинин оппозицияга өтүүсү бул жагдайды түп- тамырынан өзгөртүсү ажеп эмес, дешет байкоочулар.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG