Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

ООГАНСТАНДА ISAFтын ИШИ ИЙГИЛИКТҮҮ, БИРОК КОШУМЧА КОЛДООГО МУКТАЖ


Ооганстандын улуттук армиясы аркалуу күчкө айланмайынча эл аралык контингент бул өлкөдө толук коопсуздукту камсыз кыла албайт. Мындан тышкары жагдайды стабилдештирүү үчүн жоопкерчиликтин бир бөлүгүн Улуттар Уюму менен Евросоюз өңдүү эл аралык башка уюмдар өздөрүнө алууга тийиш. НАТОнун ооган жериндеги аскери контингентинин штаб башчысы, генерал-майор Бруно Касдорф телебайланыш аркылуу журналисттер менен Кабулдан өткөргөн маалымат жыйынында ушундай пикирин билдирди.

Генерал Бруно Касдорф Ооганстанда коопсуздукка көмөк көрсөтүү боюнча эл аралык күчтөр (ISAF) ар кошкон козголоңчуларга каршы ийгиликтүү күрөшүп жатканын, мунун аркасында өлкөдө билим берүү, медицина тармагы жанданып, калк үчүн жаңы жумуш орундары улам көбөйүп баратканын белгиледи. Өлкөдөгү кырдаалды апыртып-көбүртүп жатканы үчүн ал маалымат каражаттарын да сындап өттү.

Деген менен генерал Касдорф НАТОнун контингенти өлкөнүн чыгышы менен түштүгүндө жагдайды контролдогонго күчү жетпей жатканын моюнга алды. “40 миң аскер менен ISAF Германиядан эки эсе чоңдук кылган бул өлкөдө туташ коопсуздукту камсыз кылалбайт”, - деп айтты ал. Азырынча ISAFтын колу-буту жетпеген аймактар көп. Контингент кошумча колдоого, айрыкча ыкчам күчтөргө, аба транспортуна, чалгындоо бөлүктөрүнө муктаж.

Бирок жалаң аскери ыкмаларга гана таянып,Ооганстанда ийгиликке жетүүгө,бул өлкөнүн жакшы келечегин кепилдөөгө мүмкүн эмес. Баарыдан мурда ооган армиясы аркалуу күчкө айланып, коопсуздук үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга тийиш. Мындай абалга генерал Касдорф үч-төрт жылдан соң жетишкенге болот деп ишенет. Ошентсе да эң башкы милдет деп генерал кайра куруу жана башкаруу ишин атады. НАТОнун коопсуздук контингенти бүткүл милдеттердин чейрек бөлүгүнө жакынын – негизинен козголоңчулардын мизин майтаруу озуйпасын гана аркалай алат, калган иштерди Улуттар Уюму жана Евросоюз сыяктуу эл аралык абройлуу уюмдар өздөрүнө алышы керек.

Генерал Касдорф жергиликтүү калктын айрым бөлүгү талиптер менен башка козголоңчуларды НАТОнун озуйпасын жете түшүнбөгөндөн улам колдоп жатканын белгиледи. Бул абалды өзгөртүү үчүн контингент радиостанция ачып, калк арасына, айрыкча алыскы аймактарга кеңири маалымат жеткиргенге аракет кылууда. Уруу башчылары, калкка кадырлуу адамдар менен кызматташуу иши да колго алынууда. “Биз ошондой эле ооган өкмөтү менен да ийиндеше иштеп жатабыз, коомчулук менен тыгыз алака түзүүнүн жергиликтүү салттарын колдонгонго, маалалар, молдолор аркылуу, мечиттердин аркасында элге жеткибиз келет. Бул кыйын иш, бирок ушул усулду карманганга аракет кылабыз”,- деп айтты генерал Касдорф.

Касдорф - немец генералы. Германия жакында Ооганстанга кошумча аскер жөнөткүсү келбей турганын билдирген эле. Бу жерде бундесвердин 3,5 миңден ашуун жоокери бар, алар ISAFтын курамында 2002-жылы киргизилген. Ошондон бери Ооганстанда немецтердин 25 солдаты мерт болду.

XS
SM
MD
LG