Расмий маалыматка таянсак, «Апта» гезитинин баш редактору Керим Айдаров – 6,7; баш прокурордун биринчи орун басары Курмантай Абдиев – 43,8; Баш прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Камчыбек Осмонов – 21,8; «Ата Мекен» социалисттик партиясынын орун басар төрагасы Дүйшөнкул Чотонов – 28,1 пайыз добушка ээ болду.
Байкоочу, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Эркебай Зарипбеков шайлоонун жүрүшүндө одоно мыйзам бузуулар болгондугун, ага участкалык шайлоо комиссиялары көз жумгандыгын каңкуулады:
- Бул жака 2-3 жолу пачкалап бюллетендер түштү. 2-3нү кармап протокол түзүп прокуратурага жөнөттүк. Тиги тараптан Сагынбеков деген байкоочу киши 3-4нү салып атканда мен кармап, жарымы айрылып менин колумда турат, - дейт Эркебай Зарипбеков.
Мындай пикирди «Таза шайлоо» бирикмесинин өкүлү Айбек Маматалиев да бышыктады:
- Бирден ашык бюллетендерди берип атты, агитация да жүрүп атты. Ар бир туура эмес кыймылга акт түзүлүп атты. Азыр бул жерде кичинекей элди төрткө бөлүп атат, - деди Айбек Маматалиев.
Ал эми № 11-участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы Зина Сасыгулова жогорудагы ойлорго кошулбайт:
- 40-статья боюнча мыйзам бузуулар болду. Азыр бюллетенди кармап алды дейт, мен ошого катыштым, - деди Зина Сасыгулова.
№ 36- Каракулжа округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Курманбай Турганбаев азырынча талапкерлерден даттануу боло электигин «Азаттыкка» билдирип, жеңүүчүлөрдүн ысымын атап, экинчи тур 28-октябрга белгиленгенин жар салды.