Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

КЫТАЙ КОМПАРТИЯСЫНЫН КУРУЛТАЙЫ БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 15-октябрда Бээжин шаарында Кытай компартиясынын кезектеги курултайы башталды. Өлкө төрагасы жана коммунисттик партиянын биринчи катчысы Ху Цзинтао өзүнүн докладында - 2020-жылга чейин дүң өндүрүштү төрт эсеге көбөйтүш керек деген максат койду.

Курултай 21-октябрга чейин уланат, анын ишине 2200 делегат катышууда жана жыйындын ишин чагылдыруу үчүн чет мамлекеттерден 1100 журналист келди. Кытайдын компартиясына азыр 73 миллион адам мүчө болуп кирет, аны дүйнөдөгү эң ири саясий уюм деп атаса болот. Компартиянын биринчи катчысы Ху Цзинтао 15-октябрда жасаган докладынын тексти алдын ала делегаттар менен журналисттерге таратып берилди, мурда андай болгон эмес.

Курултай - көп жыл мурда орногон тартип боюнча өтүүдө - Борбордук комитет менен Текшерүү комиссиясынын докладдары угулуп-бекитилет, партия уставына өзгөртүүлөр киргизилип, жаңы жетекчилик шайланат. Айрым эксперттердин пикиринде, политбюрого ким жаңы мүчө болуп кирээри өтө маанилүү:

"Курултайдын негизги жыйынтыктарынын бири - азыркы жетекчилердин жолун кийин ким басат деген маселе менен байланыштуу. Ошондуктан байкоочулар - политбюронун туруктуу комитетине ким жаңы мүчө болуп шайланаарына жана жаңы саясатчылар ким болооруна өзгөчө көңүл бурат, анткени ошолор кийин Ху Цзинтао менен Вэн Цзябаонун мураскорлору болушу мүмкүн", - дейт Гоңкоң шаарындагы Кытайды изилдөө борборунун эксперти Жозеф Чаңг. Андай жаңы жетекчилердин катарында - Шанхай коммунисттеринин шаардык комитетин жакында жетектөөгө шайланган Си Жиңпин аталууда.

Ху Цзинтао болсо өз докладында өлкө жетекчилиги алдына - 2020-жылга чейин Кытайда адам башына туура келген бир жылдык дүң кирешени төрт эсе көбөйтүү тапшырмасын койду. Мындан беш жыл мурда өткөн курултайда дагы окшош максат коюлган, бирок анда адам башына туура келген эмес, жалпы дүң өндүрүш жөнүндө сөз болгон. Эксперттердин пикиринде, Кытай мындай көрсөткүчтөргө жете алат - 2006-жылдагы дүң өндүрүш эки триллион 700 миллиард долларга жетип, адам башына туура келген дүң киреше 2040 доллар болду жана 2005-жыл менен салыштырганда ал 20 пайызга жогорулады.

Өлкөнүн алтын жана чет өлкөлүк валюта кору азыр бир триллион 400 миллиард долларга барабар жана Кытай азыр бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунда. 2006-жылы өлкө экономикасына 70 миллиард долларга жакын чет өлкөлүк инвестиция келди, өлкөнүн инвестициялык фондуна болсо 200 миллиард доллар чогулду.

Анткен менен байлар жана жакырлар оротосундагы ажырым тереңдеп баратат жана айрым экономисттердин пикиринде, абалды оңдоо үчүн шашылыш чаралар зарыл. Азыр Кытайда 150 миллион адам шаардан шаарга жумуш издеп көчүп жүрөт, алардын басымдуу көпчүлүгү - айыл жергесиндеги жакырчылыктан качып, үйүн таштап кеткендер.

Ошол эле мезгилде, Кытайда бирдиктүү пенсия системасы эмгиче жок, ошондуктан төрага Ху - 2020-жылга чейин жалпы социалдык коргоо системасын түзүү максатын дагы койду. Курултай алдында жетекчиликке каршы сын дагы айтылууда, мисал үчүн, Мао Цзедун жана Дэн Сяопин менен кошо иштешкен Ли Рю деген ардагер жакында макала жарыялап, өлкөгө саясий либералдаштыруу керек деп билдирди.

XS
SM
MD
LG