Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

АЛ-КАРАДАГИ: ӨЗ МАЖҮРӨӨЛҮГҮБҮЗ ҮЧҮН ЭЧ КИМДИ КҮНӨӨЛӨБӨЙМҮН


Амирбек Усманов, Прага Камрани ал-Карадаги Ирактын мурдакы президенти Саддам Хусейнге каршы оппозициянын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Ал- Карадаги акыркы мезгилге чейин Ирактын президенти Жалал Талабанинин штабынынын башчысы болуп иштеген. Азыр Лондондо жашаса да, Иракка үзбөй каттап турат. Ошондуктан, Камрани мырзадан Багдаддагы жагдай, элдин коалициялык күчтөр жөнүндөгү пикирин “Азаттыктын” угармандарына кызыктуу болот деген ойдо сунуш кылабыз. (1-бөлүк.)

“Азаттык”: Мырза Камрани! Сиз акыркы ирет Багдадда качан болдуңуз? Карапайым калктун коопсуздук жагдайы жөнүндөгү пикири кандай?

Камрани ал- Карадаги: Менин Багдаддан чыкканыма алты- жети жума болду. Бүтүндөй Багдаддын болбосо да, борбор шаардын айрым бөлүктөрүндө коопсуздук жагдайы бир кыйла жакшырып калган. Мен Багдад менен үзбөй сүйлөшүп турам. Эл абалдын оңолуп калганын, атүгүл кээ бир тейлөө кызматтары жакшы иштеп жатканын айтышат. Ордо шаарда жанкечтилердин автомобилдерге бомба коюсу, түрдүү жардыруулар менен козголоңчулардын чабуулдарынын азайганы да абалдын жакшырганын күбөлөйт. Бирок, бул Багдадда абал өтө жакшы дегенди билдирбейт. Эл арасында дале жаатташып бөлүнүү бар. Нормалдуу жашоого жетүү үчүн али көп убакыт керек.

“Азаттык”: Ирактыктар көп улуттуу каолициялык күчтөр тууралуу эмне дешет? Чет элдик аскерлер өлкөгө тынчтык алып келбей эле, өз өлкөлөрүнүн саясый- экономикалык кызыкчылыгын коргоп келди деп айтышпайбы?

Камрани ал-Карадаги: Бул, албетте, ким менен сүйлөшкөнгө байланыштуу. Эгер сиз ирактык күрттөр менен баарлашсаңыз, алардын баары коалициялык күчтөрдүн келгенин колдошот жана болочокто да калышын каалашат. Башка тарап андан бөлөк пикирде. Аны түшүнүү зарыл. Коомчулукка багыттап, айрым саясый партиялар ачык айткан пикирлер, чын-чынына келгенде, адамдардын оюн толук чагылдырбайт. Суннилер басып алуучулук жөнүндө айтышканы менен, чет өлкөлүк күчтөрдүн Иракта кала берүүсүн каалашат. Себеби, коалициялык күчтөр бизди коргойт деп ойлошот. Бул да чындык. Бирок, жалпысынан алганда, көпчүлүк элдин Ирактагы жагдайды коaлициялык күчтөр менен байланыштырат. Анткени, алар өлкөдө турбайбы. Эл коалициялык күчтөр түрдүү өлкөлөрдүн аскерлеринен куралганын да билет. Миңдеген адамдар коопсуздук компанияларында иштейт. Адамдардын бир жааты, анын ичинде мен өзүм коалициялык күчтөр мунай үчүн Иракка келген деген кепке кошулбайм. Бул реалисттик көзкараш эмес. Бул жаңылыш пикир. Өз кемчиликтери үчүн башка бирөөлөрдү күнөөлөө Иракта эле эмес, Жакынкы Чыгышта кеңири жайылган көрүнүш. Америкалык аскерлер Саддам Хусейндин режимин кулатып, Ирак элине жаңы коомду түзүүгө сонун мүмкүнчүлүк берди. Муну саясатчылар жакшы түшүнүшөт. Мен биздин мажүрөөлүгүбүз үчүн эч кимди каралап жамандабаймын.

XS
SM
MD
LG