Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:40

УКРАИНА: “САРГЫЛТЫМЧЫЛАР” КАЙРА БИРИКМЕЙ БОЛУШТУ


Төрөкул Дооров, Москва Украинада өткөн айда болгон парламенттик шайлоодон кийин эми жаңы өкмөттү куруу үчүн Батышка ык алган саясий партиялар макулдашууга жетишкен шекилди. Юлия Тимошенконун Блогу президенттик Виктор Ющенконун жетекчилигиндеги “Биздин Украина – Элдик Өздүк Коргонуу” Блогу менен келишимге жетишкени дүйшөмбү күнү дайын болду. “Саргылтым ыңкылапчылардын” бул коалициясы бул ирээт ийгиликке жете алабы?

Дүйшөмбү күнү Украинанын Борбордук Шайлоо Комиссиясы 30-сентябрдагы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялагандан кийин эле Юлия Тимошенко “саргылтым күчтөр” жаңы келишимге жетишкенин билдирди.

Украин БШКсы билдиргендей, Украин парламентиндеги – же Верховна Рададагы – 450 депутаттык орундун көпчүлүгү, башкача айтканда, 175 орун шайлоодо жеңген Региондор партиясына берилет. Анын артынан Юлия Тимошенконун блогу 156 жана Ющенконун блогу 72 орунду алмай болду. Бирок эгерде Тимошенко менен Ющенконун блоктору биригүү жөнүндө сөз козгошконун эске алганда, “саргылтымчылардын” жалпы саны 228 орун болуп кетээри анык.

Маалымат-жыйынында көтөрүңкү маанайда олтурган Тимошенко толтура реформаларды жасоого сөз берди.

- Азыр жаңы парламент, бийликтегилер да жаңы, ошон үчүн эл чындап эле өлкөдө көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөрдү сезиши үчүн демократиялык топ бардык секторлордо реформаларды өткөрүшүнө бүт шарт бар, - деди Тимошенко.

Бул сөздөрдү Тимошенко буга чейин деле, 2004-жылы Ющенко экөө “Саргылтым ыңкылап” менен бийликке келишкенде да айткандай болду эле. Эми кайра эле украиналыктар шайлоого келип, добуш беришти. Кайра эле ошол “саргылтым күчтөр” өздөрү айткан өнүккөн өлкөнү куруу үчүн бириккени турушат.

Бирок ошол 2004-жылдан бери көп эле өзгөрүүлөр болуп кетти. Демократиялык күчтөр тил табыша албай, араздашуулар 2005-жылдын сентябрында президент Тимошенкону премьер-министрликтен четтетиши менен аяктаган эле. Дал ушул Тимошенконун министрлер кабинетинен кетиши президент Ющенконун атаандашы Януковичке кайра чоң саясатта оордун табуусуна жол ачты.

Эми минтип жакында өткөн парламенттик шайлоодо экинчи орунду алган Тимошенко кайрадан премьерликке озунуп турган чагы.

Анткен менен “саргылтым коалиция” буга чейинки каталарынан арылуу үчүн жакшы эле даярдана алдыбы?

Тимошенко өзү Ющенко менен алардын бул жолку биригүүсү канчага созулаар экен деп, ага ишенбей тургандарга жооп иретинде: “Биз өткөн жылдардагы кемчиликтерден тыянак чыгардык”, - деп жооп бергендей болду. “Биз эмне кылыш керектигин, аны кантип жасашты жана ким менен иштешти билебиз”, - деп айтты Тимошенко.

Анткен менен ага ишенбегендер деле аз эмес. Украиналык саясий аналитик Иван Лозовыйдын оюнда, демократчыл күчтөрдүн жаңы союзу деле буга чейинкисиндей көпкө созулбайт.

- Ющенко менен Тимошенко такыр башка-башка кызыкчылыктарды көздөшөт. Дал ушул маселе келерки президенттик шайлоонун негизин түзүп калат окшойт. Бир жылдын ичинде шайлоого даярдык, өнөктүк өтө күчөй баштайт. Ющенко келерки жолку шайлоонун экинчи айлампасында кайрадан эле Януковичке каршы чыкса гана президент болууга мүмкүнчүлүк алат. Навада Тимошенко айым менен чыгып кала турган болсо, Юшенко жеңбейт. Бул түшүнүктүү эле болуп калды. Бул экөөнүн тандеми көпкө жашай албай тургандыгынын негизги эле себеби ушул, - деп ишенет аналитик Иван Лозовый.

Жаңы парламенттин алгачкы жыйыны качан болоору азырынча белгисиз. Ошол жыйында коалиция боюнча келишимге кол коюлат дешет.

Азыр Ющенко менен Тимошенконун күчтөрү биригишине Янукович каршы чыгып, аны бөлүп салышы да ыктымал деген коркунуч бар. Региондор партиясынын жетекчиси өкмөттү курууда жалпы коалиция түзүлүп, баардык тараптардын кызыкчылыктары эске алынбаса, анын депутаттары мандатынан баш тарта тургандыктарын да эскертти. Региондор партиясы азыр Рададагы 175 орунду ээлейт. Эгерде 150 депутат эле мандатынан баш тартса, өлкөдө жаңы шайлоону өткөрүүгө туура келип калат.

XS
SM
MD
LG