Парламент кабыл алган мыйзамда түрк армиясына түндүк Ирактагы күрт сепаратисттерине каршы бир жыл ичинде каалаган учурда аскери операцияларды өткөрүүгө укук берилет. Буга чейин эле премьер Режеп Тайып Эрдоган мыйзам кабыл алынар замат операция башталбай турганын, бирок террористтерге каршы күрөшкө өкмөт өтө чечкиндүү белсенип жатканын эскерткен.
Парламентте аталган мыйзам кабыл алынар замат АКШ президенти Жорж Буш Иракта ири масштабдуу аскерий операция өткөрүү Түркиянын кызыкчылыгына ылайык келбей турганын Анкара бийликтерине так-таасын кылып туюндурдук деп билдирди. Мунун алдында НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер да Анкараны сабырдуулукка чакырган болчу. Кечээ АКШнын мамлекеттик департаменти бир тараптуу аскери операция күрт жумушчу партиясынын коркунучун жок кыла албай турганын эскертип, мындай бейпайда кадамга баргандан көрө Түркияга бул темада Ирак жана Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү улантууга кеңеш берген.
Түрктөрдү бул пландан айнытканы Ирактын вице-президенти Тарик ал-Хашеми жетектеген делегация апыл-тапыл Анкарага келди. Күрт козголоңчуларына каршы биргелешип күрөшүүнү сунуш кылып, ал-Хашеми бу жагынан Багдад өкмөтү өзүнө олуттуу милдеттенмелерди алганга даяр экенин ырастады. Эгер Ирак милдеттенмесин аткарбай турган болсо, анда Түркия улуттук коопсуздугун камсыз кылганы бардык зарыл кадамдарды жасаганга акылуу болот, деп айтты ал Анкарада.
Түрк армиясынын операциясы Иракты иш жүзүндө мамлекет катары тыйпыл кылып салышы мүмкүн. Түндүк Ирактагы күрт автономиясынын ырасмий өкүлү чындап эле жапырык баштала турган болсо, мунун арты толук масштабдуу согушка айланарын,буга даяр болуу керектигин эскертти.
Ошентсе да Багдаддык эксперт Камран ал-Карадаги Түркиянын планын опуза деп эсептейт. ”Эгер түрк гезиттерине,алардагы комментарияларга көз чаптырып көрсөңөр, Анкара өкмөтү менен аскери төбөлдөр 1990-жылдардын этегинде Сирияга колдонгон опузасын кайталагысы келип жатканын байкоого болот”, - дейт ал. Ошо жылдары Түркия түштүктөгү коңшусун абдан катуу өмгөктөп,чек арага ири сандагы аскерлерин тартып келип, Дамашкыны күрт жумушчу партиясынын лидери Абдулла Өжаланды Сириядан кууп чыкканга аргасыз кылган.
Айрым маалыматтарда түндүк Иракта күрт жумушчу партиясынын 3,5 миңдей жаңчылары бар экени,алар маал-маалы менен түрк тарабына жортуулдап турары айтылат. Жакынкы эле кагылыштардын биринде түрктөрдүн он үч жоокери окко учту, жай ичинде күрт жаңчыларынын колунан жүзгө жакын жөн-жайкын киши жайран болду.