Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 14:17

КУБАНЫЧБЕК ИДИНОВ: РЕФЕРЕНДУМ САЯСИЙ РЕФОРМАЛАРДЫ ТЕЗДЕТИШИ КЕРЕК


Конституциялык соттун ушул жылдын 14-сентябрдагы чечиминин негизинде өткөн жылы удаама-удаа кабыл алынган Конституциянын эки редакциясы жараксыз деп табылып, Башмыйзам реформасынын тагдыры бул ирет да референдум аркылуу чечилгени турат. Эскерте кетчү жагдай, буга чейин конституциялык реформа Кыргызстан шартында жалпы элдик добуш берүү менен коштолуп, 1993-жылдан бери төрт ирет өткөрүлгөн. 21-октябрга белгиленген референдум тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана Кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору Кубанычбек Идинов “Азаттык” үналгысынын таңкы уктурууларында айрым суроолорго жооп берди.

- Айрым байкоочулар карапайым калктын кыска убакта маанилүү эки саясий документти окуп, таанышып чыгуусу күмөндүү деп эсептешет. Ушундан улам референдумга коюлган Конституция долбоорунун мааниси элге жеттиби деген суроо жаралат.

-Эми негизинен, азыр элдин аны окуганга убактысы жок да. Айылда жерлерди иштетип жатышат. Экинчиден, саясатка аралашып жүргөн адамдардын көпчүлүгү бул маселелердин барын көптөн бери билишет да. Ошондуктан муну бир жактуу айтууга мүмкүн эмес. Чын-чынына келгенде эл даяр болсо, добуштарын бере турган болсо, өздөрүнүн мамилелерине, жалпы саясий реформага болгон мамилесине жараша болуп калат го.

-Анда ушундан улам бир суроо жаралат: Бул референдум карапайым калкка керекпи же саясатчыларга керекпи?

-Көбүнчө саясатчыларга керек болот го дейм. Эмне дегенде, көптөн бери талашып жаткан маселелерди чечкенге мүмкүнчүлүк берет. Карапайым эл үчүн тынчтык болуп, демилгенин азыраак болгону керек болуп жаткандай.

- Кубанчыбек мырза, окуу жайларда, элет жеринде баш мыйзамдын долбооруна кызыккан пикирлерди угуп жатасызбы? Эл эмне деп жатат?

-Көпчүлүгү бир четинен жакшы болду, ары же бери болгонубуз жакшы дегенди айтып жүрүшот да. Талаша берип, чарчап бүткөндөй болдук дегенсипчи.

- Сиздин баамыңызда, ушул жекшемби күнү өтө турган жалпы элдик референдум саясий олку-солкулукту токтотуп, президент Бакиев белгилегендей экономикалык демократиялык реформаларга жол ачабы?

-Принцибинде жол ачат. Себеби өзгөчө депутаттарды шайлоо боюнча Европанын жолуна ачык өтүп жатабыз да, көптөн бери талаштуу нерсеге. Экинчи жагынан албетте, эл азырынча кайсы партия эмне экенин көп түшүнө элек да. Ушул жагына келгенде биринчи шайлоо күмөн жаратат деген ой кетиши мүмкүн.

- Айрым саясатчылар “Референдумга карата бюджеттик мекемелерде иштегендердин кызматы колдонула баштады. Айрыкча жогорку окуу жайларда эмгектенген мугалимдерди референдум боюнча үгүт иштерге байма-бай тартылууда” деген пикирлерин айтышууда. Буга макулсузбу?

-Жок мен бул пикирге кошулбайм. Мисалы биздин университет боюнча бул маселе боюнча такыр эч нерсе жок. Табигый жол менен кетип жаткандай көрүнөт. Мугалимдер эмес, негизинен шайлоо комиссиясынан көз каранды болот да жыйынтыктар, ошолордун ишине жараша болот.

- Демек бул референдумда административдик ресурс колдонулбайт деген ойдосуз?

-Антип айтыш деген биздин турмушта болбогон нерсе да.

- Референдумдан кийин өлкөдөгү абал кандай жакка өзгөрүп, эмнени күтсөк болот?

-Эн биринчиси, парламенттин көз карашы. Жаңы конституция боюнча парламентти кетирүүгө мүмкүнчүлүк жок да. Бирок ошол убакта парламент референдумда баш мыйзам кабыл алынары менен легитимсиз болуп калат да. Анткени системасы башка болуп калууда. Демек мындан ары референдум саясий процесстерди тездетиш керек.

- Рахмат.

Маектешкен Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек
XS
SM
MD
LG