Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:41

БЕРДЫМУХАМЕДОВдун БАШ ТЕРИСИН БАЙКАГАНЫ КАРИМОВ АШХАБАДГА КЕЛДИ


Бүгүн Ашхабадда өзбек президенти Ислам Каримовдун мамлекеттик визити башталды. Түркмөнстандын борборуна ал жети жылдан бери келе элек болчу. Эки күнгө созулчу бу сапарда Каримов түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана башка бир катар маселелерди талкуулайт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир нече документтерге кол коюлат.

Өзбек-түркмөн мамилелери 2002-жылы Түркмөнбашынын көзүн тазалоого аракет жасалды деген чуулган окуядан кийин бузулган. Түркмөн бийликтери Ниязовду өлтүрүүнү көздөгөн кутумчуларга өзбектер жең ичинен көмөктөшкөн деп эсептеп, алардын Ашхабаддагы элчилигин түрө тинтип чыгышкан, элчинин өзүн өлкөдөн чыгарып салышкан.

Ырасмий Ташкен буга жооп кылып, 2 миң чакырым аралыктагы бүткүл чек арасын жапкан, түркмөндөргө виза режимин киргизген. Ошондон соң эки тараптын алакасында “тоң доору” башталган.

Дегинкисинде, Каримов менен Ниязовдун өз ара ымаласы ага чейин деле жакшы болгон эмес. 1996-жылы Каримовдун самолету Ашхабадга бир саат аярлап өткөнгө аргасыз болгондо аны борбордук аэропорттон башка жерге кондурушкан. Өзбек президенти коомчулук алдында сүйлөгөн сөздөрүндө Ниязовду келекелеп, теңине албагандай апазда какшыктаган учурлар аз болгон эмес.

Түркмөнстандын жаңы президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен Каримов негизинен аймактагы аттуу-баштуу жыйындарда таанышты. Ошондой жолугушуулардын биринде ал Ашхабадга келип кеткенге чакырык алган.

Лондондо жайгашкан Тынчтык жана согуш кабарлары институнун редактору Жон Маклеод эки өлкөнүн жалпы экономикалык кызыкчылыктары бар, экөө тең газ өндүрөт жана аны түндүк тараптагыларга, негизинен Россияга экспортко чыгарат, демек, аларга өз ара араздашкандан көрө кызматташкан абзел деп эсептейт.

Россиялык эксперттер да Ашхабаддагы сүйлөшүүлөрдө энергетикалык проблемалар башкы тема болорун болжолдошууда. Алардын арасында Түркмөнстан-Кытай газ кууруна, Каспий алабындагы курулуштарга байланышкан долбоорлор бар. Өзбекстан өзгөчө Каспийдеги долбоорлорго тең укуктуу төртүнчү мүчө болуп киргенге кызыкдар. Ашхабадда кол коюлат деп жаткан газ чөйрөсүндөгү келишим Ташкендин ушул максаттагы баштапкы кадамы болуп калышы мүмкүн. Эки президент ошондой эле суу ресурстарын пайдаланууга,чек ара,бажы жана транспорт тармактарына тиешелүү проблемаларды да макулдашат.Буга кошумча эзелтен эле ээн-эркин келим-кетим жасап көнгөн өзбектер менен түркмөндөр Каримовдун визитинен виза режиминин чечилишине да үмүт кылып жатышат.

Визиттин, арийне, шардана кылынбаган да өңүттөрү бар. Атап айтканда, Ниязовдун көзү өткөндөн кийин региондо “жаалы катуу” деген жарлыгы бар лидерлерден жалгыз Каримов калды.Түркмөнстанда жаңы президент шайланган соң диктатордук режимдин божусу биртке бошогондой болгону менен Бердымухамедовдун авторитардык чомочосу деле бир топ чоң экени байкалды. Ушу мааниде алганда Каримов эки күндүк сапары маалында Бердымухамедовдун баш-терисин байкап, бийлик тажрыйбасы жагынан ага “боз баладай” көрүнгөн бу президенттин чама-чаркы канча,андан эмне чыгат жана эмне күтсө болот, өзү үчүн ушуну аңдаштырып,аныктап алгысы да келет шекилди.

XS
SM
MD
LG