Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:33

БЕНАЗИР БХУТТО СЕГИЗ ЖЫЛДЫК СҮРГҮНДӨН КИЙИН МЕКЕНИНЕ КАЙТТЫ


Төрөкул Дооров, Москва Пакистандын мурдагы премьер-министри, акыркы сегиз жылдан бери сүргүндө жүргөн Беназир Бхутто бүгүн мекенине кайтып келди. Анын учагы Дубайдан Пакистандагы эң ири шаар Карачиге конгон учурда, шаарда анын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн 20 миңдей полисмен күзөттө турган. Ал тапта Карачиге Бхуттонун жүз миңдеген тарапкерлери да агылып жатышты. Коңшулаш мамлекеттер менен Батыш Пакистанды жалпы дүйнөлүк терроризмге каршы күрөштүн очогу катары таанышат. Эми Бхутонун мекенине кайтышы, көпчүлүктүн ишениминде, терроризмге каршы күрөшкө олуттуу таасир этмекчи.

Беназир Бхуттонун тарапкерлери, негизи, Карачиге шаршембиде эле келип алышкан болчу. Мурдагы премьер учактап түшкөндө көзүнө жаш алганы айтылууда. Ал эми анын тарапкерлери: “Премьер-министр Бхутто!”, - деп даңктап кыйкырып жатышкан.

Анын аралыгында шаардын көчөлөрүнө 250 миңдей адам Бхуттону көрүү үчүн узун кезекке туруп алышканы кабарланды. Ага кол салуу болбосун үчүн бийликтер көчөгө миңдеген полисмендерин чыгарышкан. Бхуттону келет экен деп жатышканда, “Ал-Каида” кол салышы мүмкүн деген кооптонуулар болгон эле. Бирок шаршембиде Дубайдагы маалымат жыйынында Бхутто анын кайра мекенине кайтышы өлкөдөгү демократиялык күчтөрдүн чоң жеңиши экенин белгиледи. Ошондой эле, 1996-жылы ал премьерликтен кеткенден берки кайгылуу мезгилге эми чекит коюлганын айтты.

- 11 жылдан кийин мен кайра Пакистанга кайтып жатышым, эл үчүн диктаторлуктан демократияга, эксплуатациядан ишенимге, зордук-зомбулуктан тынчтыкка карай бет алгандык дегенди билдирет, - деп ишендирди Беназир Бхутто.

Ал Пакистанга жөнөөр алдында эми ал Ооганстан менен чектеш жерлердеги эң опурталдуу жерлерде талибдер менен Ал-Каиданын козголоңчулары жашынган аймактарга чабуулду күчөтөт имиш деген өңдүү сөздөр көбөйгөн эле.

Анын үстүнө, Бхуттонун либералдык маанайдагы Пакистан Элдик партиясы диний экстремизмге каршылык көрсөтүп, борбордук өкмөткө коркунуч келтирген исламчылдарга каршы негизги күч катары да таанылып каган. Мисалы, ал Лондондо сүргүндө жүргөн кезинде ушул жылдын июлунда Пакистандагы Кызыл мечитке, андагы радикал исламчыларга каршы өткөрүлгөн аскерий операцияны колдогон. Ал окуядан жүздөгөн киши көз жумган жана ага карата кайчылаш ойлор айтылып жүрөт.

Пакистанда жакында эле, 6-октябрда, президенттик шайлоо болуп, анда кайра эле мурдагы президент Первез Мушарраф президент болуп шайланды. Мушаррафтын шайлоодо жеңгени азырынча Жогорку Сот тарабынан расмий түрдө ырастала элек.

Анткени Мушарраф өз өлкөсүндө армияны да жетектейт, ошондуктан көптөр анын президент да болушу канчалык деңгээлде мыйзамга туура келет деген суроону да көтөрүп чыгышкан. Анын үстүнө, Мушаррафтын саясий рейтинги да түшүп кеткен эле. Жогоруда айтылган Кызыл мечиттеги окуялардан кийин анын авторитети түшүп кетип, ошондон кийин ал кайсыл бир деңгээлде Бхутто менен бийликти бөлүштүрүп алууга да макулдугун бергендей болду. Бхутто дал ушул мезгилде келип олтурганынын себеби – бийликтер буга чейин ага каршы козголгон кылмыш иштерине мунапыс жарыялашканы тууралуу билдирип чыгышты.

“Ал-Каида” террор уюмунун лидери Осама бин Ладен Пакистандын Ооганстан менен чектешкен тоолуу аймактарында жашынып жүрөт деген ишеним бар. Эгерде келерки жылдын январында Пакистанда өтчү парламенттик шайлоодо Беназир Бхутто жеңип чыкса, ал бин Ладенди жок кылыш үчүн америкалык аскерлерди өлкөгө кирүүгө уруксат бериши мүмкүн дешет.

XS
SM
MD
LG