Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

ЭРТЕҢ ЖАЛПЫ ЭЛДИК РЕФЕРЕНДУМ


Эртең Кыргызстанда жалпы элдик референдум өтмөкчү. Шайлоо укугуна ээ кыргызстандыктар референдумга коюлуп жаткан баш мыйзамдын президент Курманбек Бакиев сунуштаган долбоору менен шайлоо тууралуу кодекстин жаңы редакциясына добуш беришет. Бир катар саясатчылар референдумду утурлай жумурай-журтту референдумга келип, «каршы» добуш берүүгө чакырышты. Анын себебин сунушталып жаткан баш мыйзамдын долбоору бийликтин бир колго топтолушуна, авторитардык режимдин күчөшүнө алып келери менен түшүндүрүшүүдө. Алар ошондой эле референдум учурунда бийлик административдик ресурстарды кеңири колдонуп, добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо менен болсо дагы жеңишке жетерин айтышууда. Сунушталып жаткан баш мыйзамдын долбоорунда бир катар олуттуу кемчиликтер бар экендиги айтылууда. Алардын бири 7-берене. Анда, «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийлик бүткүл эл тарабынан шайланган мамлекет башчысы – Кыргыз Республикасынын Президенти өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгүнүн… принциптерине негизденет»,- деп жазылган. Айрым саясатчылар бул жагдай көп нерседен кабар берип турганын жана муну менен президент өтө чоң ыйгарым укуктарга ээ болуп калганын айтышат. Ошентсе да бийликти колдогон саясатчылар тобу жалпы элдик референдум бийлик талашмай оюндарын токтотуп, экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт дешет. Президент да «Ак жол» Элдик партиясын түзүп, анын бет ачарында сүйлөгөн сөзүндө, баш мыйзамды көк бөрү тартуу оюндарын жалпы элдик референдум токтоторун, андан ары экономикага басым жасаларын, референдумга тоскоол болгусу келгендердин ойлору таза эместигин айткан. (IJz)

XS
SM
MD
LG