- Нарын шаарындагы бардык шайлоо участкаларында бюллетендерди кабыл алуу актысы бар эмеспи, мына ошолордун бири дагы толтурулбаптыр. Болгону реестрлерге эле кол коюлуптур дагы канча бюллетенөткөрүп алганы тууралуу актылары бардыгы актай жүрөт.
Султаналиева Нарын шаарында жана айрым айылдарда элдин добуш берүүгө катышуусу начар экендигин белгиледи. Мындай маалыматты уюмдун Талас облусундагы байкоочусу Арзыкан Момунтаева да жергиликтүү тургундар референдумга начар катышып жатканын маалымдады.
Коалициянын Баткендеги байкоочусу Карамат Орозова болсо шайлоочулардын тизмеси мурдагы шайлоолордун эле көчүрмөсү экендигин, Орусиянын жарандыгын алып кетишкен Баткендиктер тизмеден чийилбегендигин билдирди.
- Орусиянын жарандыгын алып кетишкен Баткендиктер тизмеде жүрөт. Кыскасын айтканда, тизме эски, сапаты абдан начар. Элдердин да добуш берүүсү начар.
«Демократия жана жарандык коом үчүн » коалициясы Бишкекте, Жалалабад облусунун Базаркоргон районунда атуулдарды атайын автунаа менен шайлоо участкаларына ташып келген, Кадамжайда үйбүлө башчысы 7-8 адам үчүн добуш берген фактылар катталганын, Ысыккөл облусундагы Кызылсуу шайлоо участкасында таңгакталган б]ллетен салынганы тууралуу маалыматты таратты.
Коалициянын Кочкор районундагы байкоочусу Бакыт Рысбеков болсо референдумга административдик ресурстар колдонулуп жатканын кабарлады.
- Кочкордо административдик ресурсту колдонуу күч. Жергиликтүү элдин референдумга добуш берүүсү абдан солгун.
«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы Токмок шаарындагы №72 шайлоо участкасынын төрайымы О. Карымшакова көз көрүнөө эле 600 бүллетенди толтуруп, үкөккө таштагыны тууралуу маалыматты таратышты. Карымшакова Токмок шаар башчысынан добуш берүүчүлөрдүн катышуусун 65% камсыз кыласың деген көрсөтмө болгон, деп түшүндүргөн.
«Интербилим» уюмунун байкоочусунун маалыматына караганда, Ивановака айылындагы №90 шайлоо участкасында шайлоо комиссиясынын төрагасы Жеңиш Абыканов, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана айыл өкмөтүнүн эки кызматкери менен 100 бүллетенди толтуруп, үкөккө таштаган.
Бюллетенди таңгактап ыргытууга Бишкектеги шайлоо участкаларында да жол берилгенин “Ак шумкар” партиясынын байкоочусу Асел Исмаилова билдирди. Анын айтымында, №1067 шайлоо участогунан ал 10 мүнөттөй убакытка добуш берүү залынан чыгып кеткен учурда үкөккө 150-200 чамалуу бюллетень салынып калгандыгын байкаган. Мындай көрүнүшкө Акшумкардын дагы бир байкоочусу №1077 шайлоо участкасында күбө болгонун БШКга кабарлаган.
Бул боюнча Бишкек шаар башчысы Данияр Үсөнов буларга токтолду:
- Негизинен шаарда референдум тынч, жакшы өтүүдө. Ал эми «Акшумкар» партиясынын мүчөсүнүн маалыматы боюнча атайын комиссия түздүртүп №1077 шайлоо участкасын текшерттик. «Акшумкардын» мүчөсү 20 мүнөткө добуш берүү участогунан чыгып кетсем 100 бүллетен пайда болуп калыптыр, деп айтыптыр. Биз комиссия түзүп териштирсек «Бирок мен көргөн жокмун кандай таштагынын. Мен келсем бүллетендер пайда болуп калыптыр» -дейт. Бирок кандай болгон күндө да бул бизге сигнал болду.
Данияр Үсөнов шаардагы шайлоо участкаларына эч кандай мыйзам бузууларга жол бербөө тууралуу көрсөтмө бергенин белгиледи. Анын айтымында бир нече шайлоо участокторунда түндөгү шамалдан электр жарыгы өчүп, эртең менен добуш берүүгө чечийн оңдотулганын, байкоочулар билдирген кемчиликтер боюнча комиссия иликтеп чыгарын баса белгиледи.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанова референдум мыйзамдын чегинде ачык, айкын өткөрүлүп жатканын билдирди. Анын саат 17деги маалыматы боюнча республика аймагы боюнча шайлоочулардын 62,77 пайызы, тактап айтканда 1 млн. 163 миң 725 добуш берген.