Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:36

ЭЛ ДОБУШУН ЭНДЕБЕЙ УУРДАГАНДАР


21-октябрдагы референдум толгон-токой мыйзам бузуулар менен өткөнүн, ага тизмеге кирген көпчүлүк эл катышпай, шайлоочулардын саны апыртылып көрсөтүлгөнүн бир катар бейөкмөт уюмдар белгилешти. Алардын ырасташынча, жалпы элдик референдум өткөн жок. Көтөрүңкү көрсөткүч элди участокторго ташуу, бүлетендерди тутамдап үкөккө таштоо, бийликтин түздөн-түз кысымынын натыйжасынан чыкканы белгиленүүдө.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын байкоочулары республиканын 280 шайлоо участогунда иштешкен. Ал эми шайлоо менен референдумдарга байкоо жүргүзүүчү «Таза шайлоо» ассоциациясы 750 байкоочусун өлкөнүн жер-жерлерине жөнөткөн. Буга кошумча «Референдумга байкоо салуучу» комитет мүчөлөрү Сары өзөн Чүйдүн биртоп айыл-кыштак шаарларында добуш берүү кандай жүргөнүн иликтөөгө алышкан.

Бейөкмөт уюмдардын байкоочуларынын бүтүмүнө ынансак, референдумда административдик өмгөктүн күчү менен кандай да болсо көпчүлүктүн колдоосун алуу үчүн ар кандай ыплас ыкмалар колдонулган. Баарынан өкүнүчтүүсү, мыйзам бузуулардын көпчүлүгү участкалык шайлоо комиссияларынын колу менен жасалгандыгы.

- 80% шайлоочулар катышканын айтып жатышат. Биз ойлойбуз, 80% деген көрсөткүч өтөле апыртылып айтылган сан. Келгендердин саны биздин оюбузча 50% деле жетпейт болуш керек. Референдумда кандай маселелер көтөрүлгөнүн шайлоочулар билишпейт,- деп билдирди «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова.

Бейөкмөт уюмдардын «Болуш» ассоциациясынын жетекчиси Сапар Аргымбаевдин айтуусунда, бийлик референдум учурундагы мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жооп бериши абзел.

- Бүгүнкү бийлик ушундай ыплас жол менен келип алып туруп, ыплас жол менен референдум өткөргөнү элдин көңүлүн кайт кылды.

«Интербилим» бейөкмөт уюмунун өкүлү Елена Воронина эл референдумга келбей калганын көргөндөн кийин бийлик өкүлдөрү жыйынтыкты бурмалоого киришти деген пикирде.

- Бурмалоо, көз боемолоо башталды. Ал мурдагы шайлоо, референдумдарда мынчалык болгон эмес. Студенттерди ташып келүү, тутамдап бүлетендерди таштоо, булар жашырын эмес, көзкөрүнөө, апачык жасалып жатты. Биздин байкоочулар акт түзүп келишкенде шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койбой коюшту.

«Таза шайлоо» ассоциациясынын жетекчиси Канат Касымалиев байкоочулардын актыларын облустук шайлоо комиссиялары да кабыл алышпаса толгон-токой мыйзам бузууларды сотко берүүдөн башка арга калбастыгын билдирди.

- Биздин ассоциациянын мүчөлөрү азыр телефон чалып жатышат. Алар облустук шайлоо комиссия мүчөлөрү актылардын күчү жок деп кабыл алышпай жатканын кабарлашты.

Референдум тууралуу бейөкмөт уюмдар бирооздон белгилеген мыйзам бузууларды Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинен келген байкоочулар миссиясы «техникалык мүчүлүштүктөр» катары баалап, анын жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгына олуттуу таасир көрсөтүшү кыйын деген корутундусун жарыя кылышты.

- Миссия мүчөлөрү участоктордун ачылышына, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүштү. 487 участокто добуш берүүнүн жүрүшүн көрүп кайтышты. Бул жалпы шайлоо участокторунун 22% түзөт,- деп билдирди миссия жетекчиси Наурыз Айдаров.

Бейөкмөт уюмдардын байкоочуларынын маалыматы боюнча, шайлоо участокторуна 40% тегерегинде шайлоочулар келишкен. Шайлоо комиссияларынын эсеби боюнча көрсөткүч 80% ашуунду түзөт.

XS
SM
MD
LG