Өткөн жылдын 8-ноябры менен 30-декабрда удаама-удаа кабыл алынган Башмыйзамдын эки редакциясын Конституциялык сот быйыл 14-сентябрдагы чечими менен жокко чыгарган. Андан 5 күндөн кийин президент К.Бакиев Башмыйзам менен Шайлоо кодексинин жаңы редакциясын жалпы элдик референдумга алып чыгарын билдирип, жарлык чыгарган.
Күн кур эмес олуттуу делген окуялардан жол тийбей, арыдан бери өткөрүлгөн референдумдун толук жыйынтыгы чыга элегинде 22-октябрда парламент таркатылды. Эми Конституциянын жаңы редакциясына кол коюлгандан кийин өкмөт кызматынан кетиши керек.
Борбордук шайлоо комиссиясы референдум өткөнүн, сунуш кылынган эки мыйзам долбоору тең көпчүлүк тарабынан колдоо тапканын ырастады.
- Ошентип өлкөнүн көпчүлүгү Конституциянын жаңы редакциясы тууралуу мыйзам долбоорун жактырышты,- деп билдирди М.Лисовский референдум жыйынтыгын чыгарган Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда.
Референдум өткөнүн, расмий жыйынтык протоколу бекитилгенин комиссиянын төрайымы К.Кабилова эмес, БШК мүчөсү М.Лисовский жарыя кылды.
Конституциянын жаңы редакциясына эки жыл ичинде үчүнчү ирет кол коюп жаткан президент К.Бакиев кыйладан бери саясий талаш-тартыштан башы чыкпаган конституциялык реформанын биринчи этабы аяктаганын айтты.
- Мындай колдоо аркылуу биз эки жылдан ашуун созулган конституциялык реформанын биринчи этабын жыйынтыктап жатабыз. Жыйынтыгында Конституциянын жаңы редакциясы эл тарабынан колдоо тапты. Ал көп жагынан, демократия жолунда биздин өлкөдө жарандык коомдун калыптанышына, адам укугунун бекемделишине шарт түзүү жагынан, алдыга кадам жасалганын билдирет.
Конституциялык реформанын экинчи этабы качан башталарын мамлекет башчысы кол коюу аземинде билдирген жок. Анткен менен жаңы Башмыйзам өлкөнүн демократиялык жаңыланышына, экономикалык өнүгүшүнө, маданиятынын өркүндөшүнө өбөлгө түзө тургандыгын баса көрсөттү.
Ушундай эле илгери үмүт, изги тилегин К.Бакиев өткөн жылы удаама-удаа кабыл алынган Конституциянын эки редакциясына кол коюу аземинде да айткан.
- Биз эми жаңы Конституцияны ишке ашырышыбыз керек. Аны айларга, жылдарга созуштун кажаты жок,- деп билдирди К.Бакиев.
Жаңы Конституция буга чейинки референдум, шайлоолордогу бурмалоолордун баарынан ашып түшкөнүн ага байкоо жүргүзгөн бейөкмөт уюмдар ырасташууда. Аны «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Дина Ошурахунова да маалымдады.
- Ушул референдумга болгон кысымчылык башка шайлоо, референдумдардан ашып түштү.
Референдум бийлик кысымы менен өтөрүн «Ак Шумкар» партиясынын теңтөрагасы Темир Сариев да ырастайт.
- Булар административдик ресурсту колдонуп, референдумдун жыйынтыгын сүрөткө тартып камдап, столдун астына коюп коюшкан.
Айрым адистердин болжолунда, референдум жыйынтыгы көбүнесе жел сандардын эсебинен жабылганы парламент шайлоого байланышкан камылгалардын жанында чоң талаш-тартыштарды чакыра албастыгын Акүй идеологдору мурда эле эсепке алып койгон болуу керек.